Жалпы Кытай Эл өкүлдөр палата комитетинин төрага орун басары Хан Цидэ жетектеген делегацияны Бишкекте президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров кабыл алат. Жогорку Кеңештеги жолугушууда тараптар Кыргыз-Кытай парламенттеринин кызматташтыгынын багыттарын жана ШКУнун парламенттер аралык ассамблеясын түзүү маселелерин талкуулашат. Буга чейин кыргыз тарап бул ассамблеянын баш кеңсесин Чолпонатада жайгаштыруу демилгесин көтөргөн. (BuS)