Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

18:36 Сузак районунда Багыш айыл өкмөтүнүн тургундары айыл өкмөттүн алдында жыйын курду


Айыл өкмөттүн айлдына чогулган 70тей киши эгин сууларынын тартыш болуп, жыл башынан бери 3 айыл өкмөт башчысы алмашылганына нааразы болушту. Анда айтылгандай айыл өкмөт башчысын кызматка коюуда элдин пикири эске алынбай жатат. Чогулгандар айыл чарба тармагын билген жергиликтүү тургундарды айыл өкмөткө коюну талап кылышты. Айылга губернаторду чакыруу үчүн облбийлик өкүлдөрүн жиберишип, эгер облбийлик башычысы келбей турган болсо, эл өкүлдөрү өздөрү облуска бара турган болушту. 21 күндөн бери айыл өкмөттүн милдетин аткарып жаткан Улан Мусанов аларды кызмат талашкан 2-3 адамдын тилине кирбөөгө чакырып, арыктарды тазалоого акча, күйүүчү май бөлүнүп берилгендигин жана өзүнүн адал иштеп берүү үчүн келгендигин билдирди. Райондук айыл чарба департаменти Маматжан Жумуков айылга күнүнө 4 км. суу келээрин, чогулгандар сууну шылтоолоп, кадр маселесин козгоп жатышкандыгын айтты. (YA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG