Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

БАРСКООНДОГУ ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫРСЫККА ОН ЖЫЛ ТОЛДУ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бүгүн Ысыккөлдүн Барскоон --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2007/05/1623E6A6-FB73-45B8-A6E7-D09E0F05DE8E.ASP айылында цианид кырсыгынын 10 жылдыгына карата жарандык форум өтөт. Аны жергиликтүү беш айылдын ыктыярдуу тургундары менен бирге “Карек” коомдук уюму уюштуруп жатат. Буга байланыштуу “Карек” коомдук уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Бүгүнкү жарандык форумда кандай маселелер козголот?

-Бул форум цианиддик кырсыктын он жылдыгына карата өткөрүлөт. 1998-жылы “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” күнөөсү менен цианидден 2 миңден ашуун адам жабыркаган, ууланган. Мына ошондон уулангандан көбү каза болду, ошол кезде алты киши каза болгон эле. Андан кийин уламдан улам ууланган кишилердин саны азайып келүүдө.

Бүгүн боло турган иш-чараны жарандык форум деп атап жатабыз. Биринчиден, ошол кездеги ууланып, каза болгон адамдарды эскерүү максаты коюлган. Экинчиден, 10 жылдын ичинде эмне болду, кандай өзгөрүү болду, 1998-жылы окумуштуулар айтты эле он жылдан кийин ушунун кесепеттери билине баштайт деп, мына ошондой болуп жатабы, ошондон жабыркаган 5 айылдын эли менен сүйлөшүп, 2005-жылдан бери мен өзүм тартып келе жаткан тасманын бетачаары болот.

-Ушул 10 жыл мурдагы кырсыктын кесепеттери азыр дагы байкалып жатабы?

-Байкалып жатат. Мына эми “Кумтөр” эч кандай уулануу болгон эмес деген сөздөрдү ушул убакытка чейин айтып жатат. Бүгүн көрсөтүлө турган тасмада мен жабыркаган элден интервью алгам. Азыр ошол тасмадагы адамдардын жарымы кайтыш болуп калган. Мына ошону элге көрсөтөлү деп жатабыз. Ошону далилдери менен тирүү кезинде сүйлөгөн адамдарды “Кумтөр Центерра” өздөрү көрсүн. Мына ошол адамдардын бардыгы каза болуп калган. Мына ошол тасманын аркасы менен элдер көрсүн, ууланып, ошонун айынан каза болгонун далилдеп айтып жатам.

-“Кумтөр” компаниясы бул кырсыктан жапа чеккендерге бир топ нерсени убада кылды эле. Ошолордун канчасы бүгүн аткарылды?

-2005-жылы биз пикетке чыгып, он талап койгонбуз. Ошонун 3-4 талабы эле аткарылып, калгандары аткарылган жок. Кыргыз элине кайрылат элем, биз ошол 2005-жылы акча компенсациясы үчүн чыккан эмеспиз. Биз “Кумтөр” кыргыз элине кайтарылсын”, “Алтын – кыргыз элине”, “Башкы келишим түзүлсүн” дегенбиз. Мына ошол убакыттагы ураандар тасмада дагы бар. Ошол үчүн чыкканбыз.

Кээ бири ойлойт, буларга акча керек болгондо чыга калат деп. Бул андай эмес. Ошол биздин чыкканыбыздын, элдин аркасы менен келишим кайра каралып жатат, салыктар бюджетке которулуп жатат. Мына Исабеков эми жумуштарды жасап жатат. Бирок эл ошол 2005-жылы “Кумтөрдү” жарга такап, ошол өкмөттүн алдына алып барып бергенбиз. Анан андан кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп, азыркы келишим кайрылып жатат.

-Ушул “Кумтөр” компаниясы убада кылган компенсация толук төлөнүп бүттүбү?

-Компенсациянын төрт жарым миллиону берилип бүттү. Бирок дагы 28 миллион сом акча калган. Эми ошону дагы келишим боюнча бизди токтотуп жаткандыгына байланыштуу биз силерге акча бербейбиз деп жатат. Бирок бул акча деген Башкы келишимге эч кандай тиешеси жок. Бул 1998-жылы алынбай калган түшүмдүн компенсациясы болуп жатат. Булар “жамандын коногу бийлейт болуп”, басмырлап көнүп бүтүшкөн. Ошондуктан мен ойлойм бул компания – аферисттик компания. Ошондуктан бул компания жабылыш керек.

-Эмне үчүн бүгүнкү жыйынды жарандык форум деп атадыңыздар?

-Анткени биз 10 жылдыкка карата тынчтык митингин өткөрөлү деп ойлогонбуз. Эми бизде өкмөт башындагылар митинг десе эле аябай коркуп жатышат. Ошондуктан биз Жарандык форум деп атадык. Митинг болгондо биз азыр чыга калып эле питкет кылалы деген эмеспиз. Мына ошондогу эскерүү болсун деп атайлы дегенбиз. Бирок кайра жарандык форум деп атадык.

Эми биз муну цианиддик каргашалуу күн деп ойлойбуз. Бул экологиялык катастрофа. Ошондуктан бийлик башындагылар өздөрү дагы өткөрүш керек эле. Эми азыр бардыгы качып жатышат. Мына губернатор эч кандай жооп берген жок. Ушул жерге келип, каргашалуу күн болбосун деп катышып, эл менен сүйлөшкөндүн ордуна ал келген жок.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG