Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

12:50 Бишкекте кайрадан “Жайкы демократия мектеби” уюштурулат


Июнь айынын аяк ченинде Бишкекте Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын жигердүү жаштары чогулуп, аймактагы саясий, социалдык жана эномикалык абалды талкуулашат. “Демократиялык мектептин” алкагында сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышы жана ар бир өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрү тууралуу да кеп козголот. Долбоорду БУУнун өнүктүрүү программасынын жаштар долбоору уюштурууда. Жаштар программасынын өкүлү Айнура Жапарованын “Азаттыкка” билдиришинче, жайкы мектепке ар бир өлкөдөн бештен адам жана бир топ эл аралык эксперттер катышмакчы. Биринчи “Жайкы демократия мектеби” былтыр Ысыккөлдө өткөн. Анын натыжасында “Борборазиялык жаштар тобу” түзүлүп, жаштардын өктөштүгүн өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түздү дейт Айнура Жапарова. (ESu)

XS
SM
MD
LG