Римма 77 жашка чыгып калган эле. Кечээ Москванын алдындагы эс алуу жайлардын биринде капилеттен мүрт кеткен.
Белгилүү акын Римма Казакова ондогон ыр китептерин калтырып кетти. Ал ошондой эле ачуу тилдүү публицист катары да таанымал эле. Башка улуттардын акындарын орус тилине которууга дилгир болчу. Маселен Римма абхаз, кабарда, литва, тажик, кыргыз, украин, грузин жана башка элдердин акындарын которгону белгилүү.
Римма Казакова кыргыз акындарынан, маселен, Майрамкан Абылкасымова, Рамис Рыскулов, Камбаралы Бобулов, Нинакан Жүндүбаева жана башкалардын ырларын орус тилине которгон.
Атактуу акындын кыйла ырларына А. Пахмутова, В. Шаинский жана башка композиторлор обон чыгарып, алардын көбү эл оозунда ырдалып калган.
Ал 1998-жылдан бери Жазуучулар союзунун демократиялык баалуулукту карманган жаатын жетектеп келген. Жакында «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде мындай деген эле:
-Биздин өлкө саал жапайы чалыш. Ошону менен катар идеологиялык жактан абдан ар башка. Бир гана нерсе - биздин арабызда коммунисттер бар экенин, келесоолор бар экенин, ой жүгүртө алган олигархтар бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан бизде саясат аба ырайы кандай тез бузулса, ошондой тез бузулуп турат. Ошол эле мезгилде туруктуулук учурлар да кездешет.
Сүрөт interfax.ru интернет баракчасынан алынды.