Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

МЯНМА ЭЛ АРАЛЫК ЖАРДАМДЫН БИР БӨЛҮГҮНӨ МАКУЛ БОЛДУ


Мянманын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/8998BEEC-2960-4CC8-97D9-17DC4BDEF3F0.asp өкмөтү бүгүнгө чейин тышкы дүйнөнү жана өз элин "үч жума мурдагы каргашалуу жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин өзүбүз жоебуз" деп ишендиргенге аракеттенип келди. Бирок өлгөндөр менен дайынсыз жоголгондордун саны 130 миңден ашкандан кийин гана өлкөнү башкарган генералдар акыры 3 күндүк аза күтүү жарыялап, эл аралык чукул жардамга эшигин бир аз кененирээк ача баштады. Бирок эл аралык гумжардам агенттиктеринин айтымында, Рангун өкмөтүнүн бул кадамдары жапырт жапа тарткандардын азап-тозогун жеңилдете албайт.

2-майда "дүйнөдөгү эң бир жабык мамлекеттердин катарына кирген Мянмада “Наргиз" деп аталган бороон-чапкын бир катар аймактарды үстүн-астын кылып кетти. Бирок өлкөнүн аскер башчылары 19 күн дегенде жалпы улуттук аза күтүү жарыялашты. Ал эми хунтанын башчысы Тхан Шве кырсык аймагына ушул жекшембиде биринчи жолу барды. Буга чейин ал өлгөндөрдүн саны 100 миңден ашты деп маалымдалган күндө да сыналгыдан же гезиттер аркылуу бир ооз элге кайрылып, же билдирүү жасаган жок.

Бүгүн курмандыктардын саны 133 миңден ашты. Гумжардам агенттиктери бул сан дагы өсөөрүн айтышууда. Бул өсүштүн бир себеби, буга чейин аман калгандарга өкмөттөн алымсындыраарлык жардам болгон жок, азык-түлүк жеткирип, ооруларды дарылоого жардам сунуш эткен эл аралык агенттиктерден айрымдарына гана уруксат берилди.

Мындай агенттиктердин болжолунда, бүгүн өлкөдө 2 миллион 400 миң киши чукул медициналык жана азык-түлүк жардамына муктаж.



Рангун өкмөтү акыры ушул дүйшөмбүдө кеңири гумжардамды кабыл алуу багытында алгачкы кадам таштап, азиялык өлкөлөрдүн эл аралык жардамды тескөөсүнө уруксат берди. Бул тууралуу макулдашуу Сингапурда түштүк-чыгыш азиялык улуттардын АСЕАН биримдигинин сүйлөшүүсүндө жетишилди.

Мянма ошондой эле Бириккен Улуттардын маалымат катчысына кырсык аймагын кыдырууга уруксат берди. Буга чейин бийликтер Бан Ки-Мун телефон чалса, телефонду алуудан да баш тартып келишкен.

БУУ жетекчисинин маалымат катчысы Мишел Монта 19-майда Бан Ки-Мундун сапары Мянма боюнча донорлор конференциясын уюштурууга көмөктөш болот деп билдирди:

-Баш катчы алгач Таиландга, андан кийин Мянмага барат. 21-майда Рангунда болот. Дароо эле "Наргиз" циклонунан айрыкча жапа тарткан аймактарды кыдырат. Мянманын өкмөт өкүлдөрү менен жолугушат. Бешинчи күнү Бангкокко барып, бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, дем алыш күнү, 25-майда Рангунга кайра кайтып келип, Бириккен Улуттар уюму жана АСЕАН сүрөөнгө алган донорлор конфенренциясына катышат.

Бирок адистер Мянманын өкмөттөр менен кызматташтыгы дале начар экендигин белгилешүүдө. АСЕАН менен жетишилген келишим боюнча, Мянма 300гө чукул дарыгерлерди коңшулаш өлкөлөрдөн кабыл алат. Бирок АСЕАНдан тышкаркы жактардан жардам кызматкерлерине виза ар бири өз алдынча каралгандан кийин гана берилиши мүмкүн.

Дүйшөмбүдө БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы айрыкча жапа тарткан Иривади дайрасынын алабындагы 750 миң кишинин үчтөн бирине гана күрүч, буурчак жеткире алгандыгын маалымдады. Укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму АСЕАН келишими толук аткарылган күндө да аман калгандардын суроо-талаптарынын чети гана канааттандырылаарын белгиледи. Уюмдун Азия директору Брэд Адамс эскерткендей, Мянманын өкмөтү сунуш этилген бардык жардамды кабыл алмайынча, эл бөөдө өлүм менен азап-тозоктон арыла албайт.

XS
SM
MD
LG