Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?


20-майда Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана каржы комитети “Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу” жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап, парламенттин жалпы кароосуна сунуштады. Бирок парламенттин айрым өкүлдөрү мыйзам өлкөнүн жалпы калкынынын азык-түлүк --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/5185A682-FA51-4398-84AB-986FF28C87CE.asp коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эмес деп сынга алышты.

“Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу” жөнүндө мыйзам долбоорун Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги даярдаган. Министр Акылбек Жапаровдун түшүндүрмөсү боюнча анын максаты - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылчу негизги багыттарды тактоо жана аны ишке ашырууда өкмөттүн милдеттерин аныктоо:

-Азык-түлүк кризисин алдын алып болтурбоо боюнча өкмөт кандай аракеттерди көрүшү керектиги, эгер ошондой кырдаал түзүлүп калса, аны өкмөт кандай жолдор менен жөнгө салалат жана кайсы региондордо бааларды көзөмөлдөп тура алат деген механизмдер киргизилген. Экинчиден, былтыр түзүлгөн Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешти мыйзамдаштыруу зарыл болду. Ушул кеңештин чечиминин негизинде азык-түлүк кризис болор-болбосун тактоо жана азык-түлүктүн кайсы түрү Мамлекеттик сатып алуу боюнча резерв корунда туруш керек, алар кайсы убакта тышка чыгарылыш керек, кайсы күнү интервенция жасалат деген жоболор бул мыйзамда аныкталган.

Талкууга катышкан депутат Осмонбек Артыкбаев мыйзамдын мындай максат менен иштешине күмөнү күч. Анткени мыйзам кыйын кезең болсо, Кыргызстандын 5 миллиондон ашык жалпы калкынын эмес, анын жакыр деп эсептелген 2 миллионго чукул катмарынын гана коопсуздугун камсыздоо үчүн даярдалган дейт:

- Жалпы элге багытталбастан жарды же социалдык жактан убайым тарткан катмарга арналган экен. Негизинен 2 миллион адамдын коопсуздугун 90 күндүн ичинде камсыздоого багытталат деп айтылган менен аны ишке ашыруу так эсептелбеген, кандай жол менен иштейт тургандыгы такталбаган өтө чийки мыйзам болуптур. Ошон үчүн кантип иштээрин мен билбейм.

Парламенттин агрардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Жусупжан Жээнбеков да мындай мыйзам кабыл алып, өкмөт өзүн жооткотпостон азыр айыл чарбасын колдоп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылчу тармакка көз салуусу зарыл деген ойдо:

-Жер-жерлердеги дыйкандарга тез аранын ичинде колдоо көрсөтүп, ар бир дыйкандын өндүрүшү үчүн жергиликтүү бийлик катуу аракет көрүүсү керек. Айыл чарбасындагы өндүрүштү тез колго алыш керек.

Министр Акылбек Жапаров болсо мыйзам былтыркы буудай тартыштыгына дуушар болгондой кыйын учур түзүлсө өкмөттүн кырдаалды тезинен жөнгө салуу милдетин ачыктайт деп белгилейт. Анын баамында, кырдаал курчуп кетсе жардамга муктаж калк катмарынын камын ойлоого өкмөттү күн мурунтан милдеттендирип, мекемелердин жоопкерчилигин арттырат:

-Бул мыйзам жалпы 5 миллион калктын да камын көрүүгө багытталган. Бирок эң ириде пенсия, жөлөк пул алып жашаган калк катмарына өкмөт кам көрүп, аларга Мамлекеттик резерв коруна мурда сатып алынган баа менен ун, май сыяктуу азык-түлүктү жеткирип берүүгө милдеттендирген жобо киргизилген. Калктын ошол катмары пенсия, жөлөк пулунун ченемине ылайык жок деген бир мүшөк ун сатып алсын деген максат көрүлүп жаткан аракет. Ал эми курсагы ток адамдардын арасында самолет менен Европадан нан сатттырып жегендер пайда болбодубу! Демек алар өз камын өздөрү ойлошу керек.

XS
SM
MD
LG