Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

АКШ ИПОТЕКАЛЫК КРИЗИСТИ ЖӨНДӨӨ АРАКЕТИНДЕ


Кошмо Штаттар былтыртан бери ипотекалык кредиттер --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/43CDC05D-15AB-4A08-810E-0B560A12AFDA.asp боюнча келип чыккан кризистин кесепеттерин жоюуга багытталган чараларды көрүп жатат. Ал үчүн Конгрессте жаңы мыйзамдар кабыл алынган жана алдыда да кабыл алынышы керек. Президент Жорж Буш апта башында Ак үйдө өлкөнүн каржы министри Генри Полсон менен жолугушуу учурунда Конгресстин чаралары өлкөнүн турак–жай рыногундагы кырдаалды оңдоого жардам берерине ишеним билдирди.

Жорж Буш АКШ экономикасы "кыйчалыш мезгилди" баштан кечирип жатканын ушул аптада да моюнга алды. Бирок анын айтымында, азыр Конгресс ипотекалык кредиттер боюнча келип чыккан проблеманын өзөгүн жеңилдетүүнү караган мыйзамдардын үстүнөн иштөөдө.

Адистер белгилеп келе жаткандай, АКШдагы азыркы экономикалык проблемада кезинде кардарларга ипотекалык кредиттер акча качан кайтарылары так көрсөтүлбөстөн туруп берилип, кийин ал кредиттердин үстөк пайызы өскөндө, карыз алгандардын бир бөлүгү анын төлөй албай калышынын чоң салымы бар.

Президент Жорж Буштун айтымында, ал жана каржы министри Конгресстин кредитти төлөө жагынан кыйынчылыкка кабылган, балким кандай тобокелчилик алдында турганын али сезе элек үй ээлерине жардам көргөзүү боюнча кээ бир чараларын жактырды. Бирок Жорж Буш белгилегендей, кайсыл бир мыйзам үй ээлерине жардам берип, бирок алар менен кошо талоончу кредиторлорду же үйдү арзан алып, кымбат сатууну көздөгөн чайкоочуларды да абалдан чыгара турган болсо, ал вето салат:

-Бул администрациядагы биздин саясат – мыйзам кредиторлорду куткарып, чайкоочуларга жардам бербеши керек. Өкмөт кредитин төлөөгө жөндөмдүү адамдар үйлөрүндө калуусуна көмөктөшүүсү абзел. Биз жана Конгресс муну ишке ашыра ала турган бир жол - "Фанни Ма" жана "Фредди Мак" реформалары. Бул реформа кубаттуу жана көз карандысыз жөнгө салуучу аркылуу ишке ашырылат.

АКШ президенти айткан "Фанни ма" (Fannie Maе) жана "Фредди Мак"
(Freddy Mac) Конгресс тарабынан түзүлгөн, өкмөт демөөрчү болгон, бирок акционерлер ээлик кылган каржы компаниялары. Алар ипотекалык кредиттерди сатып алып, ипотекалык бонддорду чыгаруу менен өлкөнүн каржы базарын турукташтырууга жардам бериши керек.

Президент Жорж Буштун ишениминде, ипотекалык рыноктун бул негизги эки оюнчусу каржылык кыйынчылыкка кабылган үй ээлеринин мүлкү күрөөгө алган тарапка өтүп кетпешине кол кабыш кыла алат. Ал Конгрессти ушул боюнча мыйзамды тезирээк кабыл алып, анын кол коюуусуна жөнөтүүгө чакырды.

Мындан сырткары ипотекасын төлөй албай жаткандар үчүн жеке сектор тарабынан "Учурдагы үмүт" (Hope Now) деп аталган программа да иштөөдө. Президент Жорж Буш менен каржы министри Генри Полсондун жолугушуусунда ушул программа да талкууланган:

-“Учурдагы үмүт” - реалдуу таасири бар программалардын бири. Ал жардам түрдүү жолдор менен келүүдө, жалпысынан бул кредиттик мекемелер кредитти төлөөгө татыктуу адам үйүндө калуусуна жардам көргөзөт дегенди туюндурат. Биз ишке ашырууну көздөгөн нерсе ушул.

Президент Жорж Буштун айтымында, былтыр аталган программа башталгандан бери 1,4 миллион, ал эми быйылкы жылдын үч айында жарым миллион адамга кредит боюнча жеңилдик берилди, демек алар үйлөрүн сактап кала алат.

Жыл башында ошондой эле өлкөдөгү жалпы экономикалык абалды оңдоо, адамдардын төлөө кудуретин көтөрүү үчүн салык жаңынан жеңилдик берүү боюнча мыйзам кабыл алынган эле. Аталган мыйзам боюнча бир иштөөчү айына 600, жубайлар 1200 долларды салыктан үнөмдөп калмак. Буштун айтымында, бул эреже да азыр иштеп жатат. Ал бийликте тургандан бери буга чейин мындай жеңилдик экономиканы төмөндөөдөн сактоо үчүн 2001-жылы берилген эле.

Анткен менен "Нью-Йорк таймс" гезитинин ушул шейшембидеги санында жазганына караганда, АКШ экономикасы үчүн кан айлануу системасындай роль аткарган керектөөчүлөрдүн сарптоосу азаюуда. "Нью-Йорк Таймс" белгилегендей, өкмөттүн эсебинде быйылкы жылдын экинчи чейрегинде керектөөчүлдөрүн чыгымы 1%га гана жогорулайт. Бул - 2001-жылдан берки эң начар көрсөткүч.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG