-Эмил мырза, чакан ГЭСтер боюнча алгачкы долбоор качан жана кайсы жерде ишке ашкан жатат?
-Биздин план боюнча эң биринчи мурда эле иштеп баштаган, бирок ошол эле долбоордун тегерегинде болгон Ысыката районунда чакан ГЭС иштеп баштайт. Бир жуманын арасында бардыгы даяр. Азыр Германиядан келе турган расмий делегацияны күтүп жатабыз. Алар келип калса эле ГЭСтин ишин баштайбыз.
- Ошол чакан ГЭСтин кубаттуулугу кандай болмокчу?
-Анын кубаттуулугу 10МВт болот.
-Дирекция чакан ГЭСтер боюнча дагы канча долбоорду ишке ашырган жатат?
-Кыргызстан боюнча бардыгы болуп мурун пландаштырылгандай 92 ГЭС курулуш керек эле. Бул чакан жана орто ГЭСтер. Алардын кубаттуулугу 1 Мега Ваттан 20 МВаттан ашык болот. Анан азыркы кезде элдерден, айыл өкмөттөрдөн “биз жакта жакшы шарттар бар, ГЭС салса болот экен” деп жакшы сунуштар түшүп жатат, эми ошолорду дагы изилдейбиз. Ал үчүн атайын топ түзүлгөн. Ошолор дагы планга кирет.
-Бул чакан ГЭСтер кайсы каражатка курулат? Ушул жагын дагы карап жатасыздарбы?
-Бул чакан ГЭСтердин бардыгына Кыргызстан мамлекетинин бир тыйыны коробойт. Бардыгы инвесторлордун бюджетинен келет.
-Сиздин баамыңызда, чакан ГЭстердин натыйжасы кандай болот?
-Эгерде биздин план боюнча ишке ашса, бул чакан ГЭСтер жылына 5 миллиард киловатт саат энергия берет. Эгерде ошончолук электрэнергияны чыгарсак, ошондо Токтогул ГЭСинде 5 миллиард кубметр суу үнөмдөлөт. Ал сууну биз кыштын күнү электрэнергия жетпеген кезде колдонсок болот. Анан биздин чегаралаш мамлекеттерге сугатка сууну өз убактысында берсек болот.
-Бир чакан ГЭСти куруу, аны ишке ашыруу үчүн канча убакыт талап кылынат?
-Ал жерде экономикалык пландаштыруусу жарым жылча болот, жердин шартына жана кубаттуулугуна жараша болот. Бир жылдан эки жылга чейин курса болот.
-Эмил мырза, маегибиздин соңунда, бир саясий суроо берсек. “Ар намыс” партиясы буга чейин оппозициялык партия болуп келген. Азыркы позицияңыздар кандай?
-Биз мурда эле Кыргызстанды мындай абалдан чыгаруу боюнча сунуш кылып келгенбиз. Ушул биздин бир сунушубуз - энергетика боюнча чакан жана орто ГЭСтерди куруу болчу. Бийлик ушуну туура кабыл алып, бизге мүмкүнчүлүк берип жатат, ушуну түзгөнгө, ГЭСтерди курганга. Бул биздин Кыргызстан эли үчүн салымыбыз. Бирок биз өзүбүздүн позициябызды качан болсо дагы өзгөртпөйбүз. Өзгөртпөйбүз дегенибиз, эгерде туура эмес болсо, ошону айтып турушубуз керек.
-Маегиңизге ырахмат.