Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Б.МАКЕНБАЕВА: САРПТАЛГАН АКЧА ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРИЛБЕЙ ЖАТАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бишкек райондор аралык соту кечээ Билим берүү министрлигин Жакырчылыкты кыскартуу боюнча борборлошкон фонддун каражаттары тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирди. Бул боюнча министрликтен маалымат ала албаган Психикалык саламаттык жана коом аттуу коомдук уюм сотко кайрылган. Аталган уюмдун жетекчиси Бурул Макенбаева “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Министрликтин үстүнөн сотко кайрылууңуздарга эмне себеп болду?

-Биз 2005-жылдан бери Жакырчылыкты кыскартуу фондусуна абдан кызыгып жатабыз. Анткени бул фонд 2004-жылы сырдуу жол менен түзүлгөн экен. Фондду түзгөн каражат Кумтөр Центерра компаниясынан түзүлгөн. Биз 3 жылдан бери ошол фонддун кандай инвестиция жасап жатканын изилдеп келе жатабыз.

7-февралда Эл агартуу министрлигинде тегерек стол болгон. Анда Кыргызстандын окуучуларынын билими өтө төмөн болгону талкууланып жаткан. Каражат маселесине жеткенде Жакырчылыкты кыскартуу фонду боюнча суроолор болду. Ошондо Ишенгүл Болжурова “ооба, ошондой фонд бар. 2005-жылы ошол фонддун каражаты менен бир эле үйбүлө колдонгон. Азыр каражат туура багытта колдонулуп жатат. Эл агартуу министрлиги дагы ошол фонддон каражат алган”, деп айткан. Ошол себептен биз расмий түрдө министрликке кайрылганбыз, канча каражат алган, эмнеге жумшалган, жарандык коом кандай жол менен ошол каражатты колдонгонго катышкан деп. Биз жооп ала алган жокпуз. Ошон үчүн сотко кайрылдык.

-Сиздин оюңуз боюнча, бул маалыматты атайлап жаап-жашырып жатабы, же сиздер өтүнүчкө жөн гана маани беришкен эмеспи?

-Биз билбейбиз. Алардын айтканы боюнча маани бербей, жооп берилбей калган. Бирок биз ошол жоопту азыркыга чейин күтүп жатабыз.

-Аталган фонддун каражаттарынын жумшалышы боюнча сиздерде башка маалыматтар барбы? Өз алдынча иликтөө жүргүзүп көрө алдыңыздарбы?

-Биз башка министрликтердин дагы фонддун каражаты жумшалгандыгын изилдеп келе жатабыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги ошол фонддон акча алып, реформага каршы түрдө жумшаган. Биз ал боюнча дагы көп арыз жазып, өкмөткө кайрылуу жолдогонбуз. Алар реформа жасабай эле, көбүнчө чоңураак анан абдан эскирип калган имараттарга ремонт жасаганга колдонгон. Ал каражат койгон маселени чечкен жок.

Көбүнчө акча жок болуп кетүүдө. Биздин өз көзүбүз менен көргөнбүз, суу жок имараттарга кытайлык унитаз, же раковиналар коюлган. Ошол эле маалда имараттарда дарыгерлер жок. Маселени чече турган эч бир жол болгон эмес.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG