Нарын облустук СПИД борборунан алынган маалымат боюнча облустта 20-21-май күндөрү СПИДден көз жумгандарды эскерүү күнү болду. Бул күндөрү Нарын шаарындагы баардык окуу жайларда жаштар арасында түшүндүрүү иштери атайын семинар, лекциялар өткөрүлдү. Расмий маалыматтар боюнча бул оору менен Нарын облусунда үч адам катталып, бирөө өткөн жылы көз жумган. Ал эми экөө учурда Бишкекте түрмөдө отурушат. Жыл башынан бери ушул күнгө чейин Нарын облустук СПИД борборунда 2 миң 40 адам анализ тапшырышкан. (JI)