Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

18:30 Баткен: Сох өзбек анклавында жайгашкан Хушяр айыл тургундары сугат суу боюнча нааразы


Суу боюнча Кыргызстандан көз каранды Өзбекстандын Хушяр айылынын 20 чакты тургуну 20-май күнү, суунун берилиши боюнча нараазычылыктарын билдирип, кошуна турган Согмент кыргыз айылына өтүшкөн. Ал жерде өзбек атуулдары кыргыз чегарачылары менен чатакташууга чейин барышкан. Кыргыз чегарачыларынын эскертүү ок атууларынан соң өзбек атуулдары таркашкан. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев 21-майда кабарлады. Окуя болгон жерге Хушяр айылынын башчысы, өзбек чегарачылар барып атуулдарынын бейбаштыгы үчүн кыргыз тараптан кечирим сурашкан. Учурда кыргыз-өзбек чегара тилкесинде орун алган Согмент айылында Баткен районунун акими Дастан Ходжаев, чегара отрядынын зардалы Саитжан Эратов жана Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Бийчиев окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Белгилеп кетсек аталган аймакта, буга чейинки эки тараптуу келишимдин негизинде, кыргызстандан агып чыккан сууну өзбек айылы беш күн, кыргыз айылы эки күн пайдаланышат. Учурда өзбек атуулдары аптанын беш күнү аларга жетишсиз экендигин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG