Өкмөт өкүлүнүн билдиргенине караганда, дагы 32 миң адам дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө. Күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө Сычуан провинциясынын аймагында 12-майда орун алган эле. Мамлекеттик ишканалардын андан тарткан чыгымы 4 миллиард долардан ашуунга бааланууда. Өкмөт бүгүн ошондой эле жардам көргөзүү иштеринен коррупциянын кандайдыр бир көрүнүштөрү байкалса, ага аралашкандар катуу жазаланарын эскертти.