Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ИШИ УЛАНУУДА


Республикалык аскер соту 21-майда түштөн кийин Аксы окуясы боюнча айыпталып келаткан облустун экс-губернатору Султан Урманаевдин Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча доо арызын кароого киришти. Бишкек гарнизондук сот аны кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча айыптуу деп таап быйыл 6-мартта үч жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. 20-майда ушул эле сот алты жыл мурда Аксыга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/17F10E0D-D549-42A9-8745-937EF0370795.asp барбаган мамлекеттик мурдагы үч кызматкерге өкүмүн угузган. Анда ички иштер министринин мурунку биринчи орунбасары Садырбек Дубанаев акталган. Облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облмилициянын экс-жетекчиси Кубанычбек Токобаев бир жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө төрт жылга эркинен ажыратылган. З.Кудайбергенов өзүнө карата мыйзамсыз өкүм чыгарылганын билдирди. К.Токобаев министрдин мурдагы биринчи орунбасары менен өзүнүн орунбасары жана Аксы район милиция башчысы, прокурору, акими акталып жатса, Аксыга барбай ортодо турган менде кайсы күнөө болушу мүмкүн, деп суроо коет.

Бүгүн сотко келген адвокат Сартпай Жайчыбеков экс губернатор Султан Урманаевди актап, калган 40 адамды күнөөкөр деп тапкан 17-марттагы элдик соттун өкүмүн эске алууну өтүндү:

- Элдик соттун өкүмүн берип кой деп менден өтүнүшкөн. Өтүнүчтү аткаруу максатында гана келдим. Адамдардын эч кимиси келбейт.

Султан Урманаев өз көрсөтмөсүндө Бекназаров камалбаганда алты адам өлгөн окуя болбойт эле деген оюн айтты. Карасуу айлындагы эл менен жолугушууга баруусуна президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов тыюу салганын билдирди:

- Бул жака сен эмне келдиң, дейт. Мен айттым эл менен жолугайын деп келдим, деп. Бул жакта Шермамат Осмонов эл менен ондон ашык жолу жолукту, сен дагы эмне айта турган сөзүң бар, дейт. Мен айттым, Аман Карыпкулович мен дайыма ушул жерде эл менен жолугуп жүрөм, алар менен жолугуп коюшум керек десем, сен айтканды укпаган кандай немесиң, дейт.

Облустук прокуратуранын өкүлү Жамила Туражанованын пикири боюнча Урманаев Карыпкуловго шылтоолобой, Бекназаровдун тарапкерлерине барып жолукканда алар 17-мартта Кербенге көздөй жөө жүрүшкө чыкмак эмес:

- Карыпкулов мага билдирүү бериптир, эл менен жолугууга барба деп. Карыпкулов мага указание берди деп атасыз, анан сиз эмне үчүн губернатор болуп иштеп атасыз, мен түшүнбөй атам.

Урманаев соттук коллегия менен мамлекеттик айыптоочулардын бир нече суроолоруна жооп бергенден кийин танапис жарыялап, соттук кароо 22-майда улантыла турган болду.

Аксы окуясы боюнча жабырлануучулардын адвокаты менен соттолуучулардын доо арыздарын териштирип келаткан республикалык аскер соту 20-майда өз өкүмүн угузду. Өкүмгө ылайык облмилициянын мурдагы башчысы Кубаныч Токобаевдин 2002-жылдын 17-мартында түшкө маал Аксыда жүргөн орунбасары менен райондук милиция башчысына өздөрүнүн коопсуздугун сактоо максатында курал алууга телефон аркылуу көрсөтмө бергени далилденди. Анын сөзү менен ошо күнү элдин алдын тосууга бараткан тартип сакчыларына төрт автомат таратылганы аныкталган.

Өкүмдү республикалык аскер соттун судьясы Бакыт Кожомбердиев окуп, ал облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун кызмат абалынан аша чапкан айыбы район борборуна келаткан элди тинтүүгө жана Аксынын аймагына блок-постторду коюуга берген буйруктары менен ырасталганын айтты. Натыйжада Азимбек Бекназаровду бошотууга чыккан демонстранттардын митинг-пикет, эркин чогулуу, эркин ой айтуу, жөө жүрүшкө чыгуу укуктары бузулган. Элдин бийликке күчөгөн нааразылыгы 17-мартта Боспиекте жөө жүрүшчүлөр менен милиция кагылышканда төрт киши набыт болуп, жети адам жараат алуусу менен аяктаган. Аскер соту ички иштер министринин мурдагы орунбасары Садырбек Дубанаевди актап чыкты:

- Соттук коллегия өкүм кылат. Бишкек гарнизонунун аскер сотунун 2007-жылдын 23-октябрында Дубанаев Садырбек Мамбеталиевичке карата чыккан өкүм өзгөрүүсүз калтырылсын. Кудайбергенов Зоотбек Чороевич менен Токобаев Кубанычбек Асакеевичке карата чыгарылган өкүм жаза бөлүүгө өзгөртүлсүн. Кудайбергенов менен Токобаев КР кылмыш жаза кодексинин 305-статьясынын 2-бөлүгү 5-пункту менен чектелген 5 жылдык эркинен ажыртуу жазалар 4 жылга чейин төмөндөлсүн. Белгиленген чара шарттуу деп эсептелинип, ар бир сынак мөөнөтү бир жылга чейин төмөндөтүлсүн.

Өкүм чыгарууда кылмыш кодексинин 28-беренеси эске алынган жок. Ага ылайык мурда акталган адамга кийин айыптоо өкүмү чыкпоосу керек. Экс-прокурор Зоотбек Кудайбергенов ага нааразы болуу укугумду бузду деген бир да киши даттанбаганын, Аксы окуясында айыбы жок экендигин билдирди:

- Өкүм мыйзамсыз, ыймансыз, абийирсиз. Анткени Конституция жана 28-статья жаза процесуалдык кодекси бузулду.

Ал сыяктуу облмилициянын мурдагы башчысы Кубаныч Токобаев да өкүмдү жокко чыгаруу арызы менен Жогорку сотко кайрыла турган болду. Анын айтымында, республикалык аскер соту тергөөчүнүн Токобаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деген токтомун көзгө илбеди:

- Токобаев курал берди деп мыйзамсыз көрсөтүүнү берген десе, эгерде ошондой болсо, мыйзамсыз буйрукту аткарган Калбаев, Кулуев да сот жообуна тартылыш керек да.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG