Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

БАРСКООН: НААРАЗЫ ЭЛ ЖОЛ ТОСУУГА ДАЯР


Мындан 10 жыл мурда 1998-жылдын 20-майында “Кумтөр” алтын кенине цианид тартып бараткан автомашина Барскоон --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/F1A685D4-C597-4147-BD1C-7BA1AD6C34DD.asp суусунан өтүп баратып аварияга учураган. Анын натыйжасында цианид сууга төгүлүп, Ысыккөлгө жеткен. Мунун аркасында Жетиөгүз аймагында экологиялык чоң кырсык болуп, бир нече адамдар каза болгон.

Алтын бар жерди нысап менен тескебесе, ал жерде азаптуу өлүм, тирешүү, жектешүү болуп келген уламыштарды Барскоон айылынын тургуну Жайна аттуу ардагер дайыма айтып жүрөт. 70 жаштагы бул байбиче ошол күн ысыккөлдүктөрдүн да башына түшүп, 1998-жыл алар үчүн апаат болгонун мындайча эскерет:

- 1945-жылдагы согуштай эле болду. Автобус менен бала-чаканы алып кетип атты. Үч күн ташыды. Ыйлаганды сурабай эле койгула. Биз жээрибизди жеп, ичээрибизди ичтик, баргыла деп баарын чуркап салып жүрдүк.

Алтынды ажыратып алууда цианид деген химиялык жегич затын канадалыктар бир жолу капысынан эл ичкен сууга төгүп алса, ал эми 12 жылдан бери өз өндүрүшүндө анын зыяндуу калдыктарын талаптагыдай сактабай атканы боюнча дагы адистердин далилдери көп.

Элдин нааразыланганы качан гана митинг, пикетке чыкмайынча «Кумтөр» кени дагы, бийликтегилер дагы берген убадаларын аткарбай атканы, мисал үчүн 2005- жана 2006-жылдардагы Барскоон пикеттеринде айыл чарба огороддорунун чыгымы үчүн 28 млн. сом бөлүнгөнүн расмий кагаздар менен аныктаган менен, ал өкмөткө ушул күнгө чейин которула элек:

- Губернатордун орунбасары Алышбаевге чыксак, «Кумтөр» акчаны төлөбөйбүз деп атат деди. Себеби эмнеде десек, азыр баш келишимге кол койбой, силер бизди национализацияга алып барып атасыңар. Ошого байланыштуу биз төлөбөйбүз деп атат. Баш келишимдин национализацияга эч кандай тиешеси жок.

«Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева бул маселе 26-майга чейин чечилбесе атуулдук форумдун чечими менен «Кумтөр» жолу тосулуп, митинг башталаарын эскерткен эле. Бирок пикетке кайрадан чыгуу аргасыз иш болуп атканын айыл аксакалдары белгилеп, «Кумтөрдүн» майрамдарга, жаңы жылга, дегеле жана башка даталуу күндөргө деп берген 5-10 миң сомуна райондук бийлик силер алдана коюп унчукпай жүрөсүңөр, элдин таламын талашсаңар боло деп отурган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды:

- Пикет кылсак бизге да, өкмөткө да уят. Эми президенттин бетин кантип карайбыз? Биз аргасыздан ошого барабыз. Эгер силер укпасаңар булар эртең кетет.

Бирок 28 млн. сом боюнча Жогорку Кеңеш ишти карамайынча пикеттен майнап чыкпайт деген Жетиөгүз райондук акиминин орунбасары буларды айтты:

- «Кумтөрдүн» өзүнүн сөздөрү бар. Ратификация болуп, Жогорку Кеңеште келишимге кол колюлуп бүткөндөн кийин өздөрүнө кабыл алынган милдеттердин баарын аткарып беребиз деп атат. Салыктан башка бир дагы каржылоо болгон жок. Аны алып эле анан тиги-бул жакка котор деген маселе болбойт. Ал акчага администрациянын, айыл өкмөттүн тиешеси да жок. Өзүңүздөр комиссия түзөсүздөр, кассаны өзүңүздөр кирешелейсиздер.

Барскоон трагедиясынын 10 жылдыгы, анын оош-кыйыштары талкууланган бул форумга беш айылдан болгону 200дөй гана киши келген. Элдин жарымы «Кумтөр» менен бийлик тарабынан уюшулган коомдук фонддорго тартылып кеткени менен байланыштырып, аларды бул жерге катышбоого үгүт иши күч болгонун айтышты. Ал эми Коомдук парламентте дагы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы талкууланганда андан чыгуунун жолдору көп экени аныкталганын ырастаган Каптагаев:

- 2 млрд. доллар карыз алып жашадык деп атабыз. Эч нерседен эчтеке жок эле «Кумтөрдүн» ээлери 2 миллиарддан ашык доллар пайда таап алды да. Аны эмне үчүн айтпашыбыз керек. Эмнеден болуп атат? Өзүбүздөн, ошол эле мамлекет башынан, губернатор, аким, башкалардан эле болуп атат. «Алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың, төртөөң төп болсоң төбөгөңдөгү аласың» деп кыргыздар бекер айткан эмес. Бирибизге бирибиз каршы чыгабыз, ошонун аркасы менен алар бул жагын бул жакка каршы коюп, бир аз жем таштап коет. Мына кейип-кебетебиз ушул болуп атат.

XS
SM
MD
LG