Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВ КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Бүгүн Улуттук филармонияда кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Замирбек Үсөнбаев чыгармачылыгынын 40 жылдык мааракесин белгилейт.

Бул кечеге көркөм өнөр адамдары, акын-жазуучулар, коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган. Концертте Замирбек Үсөнбаев эл арасында таанымал болгон чыгармаларын, ошондой эле эски ырларын аткарат.
Кеченин көрөрмандары акындын тарбиялаган шакирттеринин да өнөрлөрүнө күбө болушат. Мындан тышкары ал өзү жетектеген “Алымкул Үсөнбаев атындагы эл шайырлары тобу” да катышат деп билдирди Замирбек Үсөнбаев:

-Бул топ Кыргызстанда белгилүү болуп калган топ. Анткени биз кыргыздын нукура өнөрүн аркалап, улуттук аспаптарын ойнойбуз.

Замирбек Үсөнбаев Улуттук филармонияда 40 жылдан бери эмгектенет. Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаев акындын чыгармачылыгына жогорку баасын берет.

-Замирбектин акындык өнөрчүлүгүндө чоң чыгармачылыктын түпкү нугу, оргуган нерсеси жатат. Филармонияга 16 жашында келген экен. Ошол 40 жылдык чыгармачылыгы бүгүнкү күнү ого бетерден дагы бир толуп-ташып, оргуштап турган кези.

Замирбек Үсөнбаев Кыргызстанды түрө кыдырып, жеке концерттерин тартуулаган. Аны менен бирге башка мамлекеттерди да кыдырып, чет элдик көркөм өнөр күйөрмандарына өнөрүн көрсөткөн.

-40 жыл убакыт аралыгында алгылыктуу эле иштерди жасадым десем болот. Башкача айтканда улуу муундагы акындардан үлгү алып, андан соң өзүм да жаш муундарды тарбияладым. Ошондой эле бир канча ыр жыйнактарын чыгардым, - дейт Үсөнбаев.

Замирбек Үсөнбаевдин айтымында, Бишкектеги концерттен соң өлкөнүн дубандарын кыдырып, элет тургундарына жеке концертин тартуулайт.
XS
SM
MD
LG