Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

С.ЖАЙЧЫБЕКОВ СОТ КАЛЫС ЧЕЧИМ ЧЫГАРАРЫНА ИШЕНБЕЙТ


Жалалабатта далай убакыттан бери жүрүп жаткан аскердик соттордун ишине аксылык жабырлануучулар менен алардын адвокаты катышуудан баш тартууда. Анткени алар азыркы бийлик маалында Аксы окуясы адилет тергелбей тургандыгына көздөрү жетип, мамлекеттик бийликке ишенбей калгандыктан 17-мартта өткөн элдик сотто --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/BC589743-C18F-42BC-BF2D-0243669C247B.asp 40 адамды күнөөкөр аташып, саясий чечим кабыл алышкан. Экс-губернатор Султан Урманаевди актоо жөнүндөгү элдик соттун өкүмүн республикалык аскер сотко тапшырганы келген адвокат Сартпай Жайчыбеков кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимовдун ушул багыттагы суроолоруна жооп берип, сотко катышпай тургандыгын билдирип, сот залынан чыгып кетти.

- Сартпай мырза, көптөн бери Жалалабатта аскер соттору Аксы окуясы боюнча кылмыш иштерин талкуулашууда. Бирок ал иштердин жүрүшүнө аксылык жабырлануучулар менен сиз да катышпай келатасыз. Анын себеп-жагдайлары эмнеде?

- Аксылык жабырлануучулардын катышпаганынын себеби мамлекетке ишеним болбоду. Себеби бул көрсөтмө түрүндө эле, 2-3 адамды соттоп, же актап жиберүү менен бүттү кылып жыйынтык чыгарарына элдин мурдатан эле көзү жеткен. Андан сырткары булар көпкө башаламандыкты созуп жибергендиктен эл өзүнүн саясий чечимин чыгарган ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес деп. Эгерде күнөөм жок дей турган болсо элдин алдына келип актансын, эмнеге күнөөсү жок, же эмнеге күнөөсү бар экенин айтсын. Элдин чакыруусуна келген жок. Эл өздөрүнүн жыйынтыгын чыгарган, ырас күнөөлүү деп эсептештиби, болду мындан ары келиштин кажети жок деп.

- Быйыл 17-мартта Аксы районундагы Каражыгач айылында өткөн элдик сот Аксы окуясы боюнча кимдерди күнөөлүү деп атаган?

- Ошол сотто негизинен 41 киши аталган. Анын ичинен бир кишиге соттоого болбойт, акталууга жатат деп Урманаевге айтышкан. Калган 40 кишиге кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар деп эсептешкен.

- Өзүңүз уккандай жакында Бишкек гарнизондук аскер соту ички иштер министринин мурдагы орунбасары Калмурат Садиевдин иш аракетинде кылмыштын курамы жок деп эсептеп, 2002-жылдын 18-март окуясы боюнча актап чыкты. Кечээ республикалык аскер соту ошол эле министрдин 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди актаган, облмилициянын мурдагы башчысы Кубаныч Токобаев менен облпрокурорур Зоотбек Кудайбергеновго карата да чечимин угузган. Бул өкүмдөрдү сиз жана аксылык жабырлануучулар кандай баалашууда. Өкүм туура чыгарылган деп эсептейсизби?

- Жабырлануучулардын баары кандай баалайт, аны мен айта албайм. Бирок мен өзүм бул жакшылап ойлонулбаган спектакль сыяктуу болуп калды деп ойлойм. Элдин ичинде деле ошондой ой пайда болот болуш керек. Себеби Калмурат Садиевди актап, калганын күнөөлүү деп айтуу бул болбогон иш, адам ишенбей турган нерсе. Калмурат Садиев биринчилерден жооп бере турган киши. Ал эч качан жоопкерчиликтен кутула албайт. Азыр сот аркылуу акталса акталып алаттыр, бирок убактысы келет. Ал киши жооп бермейинче Аксы окуясынын тактыгы чыкпайт.

Аксы окуясынын 18-19-мартындагы окуяларга эң негизги күнөөкөр, же болбосо ошол кылмышты уюштуруучуларынын бирөөсү Калмурат Садиев болуп эсептелет. Калгандарына тиешелүү нерсени айта турган болсок, мамлекет кичине мына окуттук, көрсөттүк, жазаладык деген эле сөздү колдонуу максатында эле буларды жазалап койду, төрт жыл кесип, бир жыл шарттуу кылып койду. Эгерде буларды чындап кесе турган болсок, бир эле булар соттолбойт. Булардын орду түрмөнүн ичинде. Буларды соттоп коюп, калгандарын актап коюп тура бергенге мен деле каршымын. Соттогондон кийин баардыгы соттолуш керек. Эгерде Садиевдин күнөөсү жок боло турган болсо, анда автоматтык түрдө булардын дагы күнөөсү жок болуп чыгат. Мындай болбош керек.

- Сиз менен аксылык жабырлануучулара Аксы окуясы калыс териштирилип, күнөөлүүлөр толук сот жообуна тартылат деген ишеним барбы?

- Саясий абалдын бардыгын ойлонуп туруп мен айткым келет, азыркы учурда бул окуя калыс тергелбейт, баары бир бурмаланат. Кайсы бир көңүлгө туура келбегени мисал катары өтө берет. Ушулар эле кайталана берет, булар үлгү катары соттолду болот, акталды болот. Бирок калыс жыйынтык чыкпайт.

- Маегиңизге чоң ырахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG