Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: “СЕНИН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮҢ”


19-майда президент Курманбек Бакиев Улуттук илимдер Академиясынын (УИА) мүчө-корреспонденти, көркөм өнөр таануунун доктору, философия институтунун манастаануу жана көркөм маданият бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Үмөталиеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, өлкөдө маданият менен көркөм өнөрдү өнүктүрүү, ЖОЖдордо философия жана көркөм өнөр таануу боюнча окуу китептери менен камсыз кылуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары Жаңыл Үмөталиеванын атасы - Кыргыз Эл акыны Темиркул Үмөталиевдин 100 жылдык юбилейин өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү талкууланды.

“Учур” телетеатрынын артистери бул жумада Бишкектик көрүүчүлөргө бир катар спектаклдерин тартуулады. Атай кетсек Султан Раевдин пьесасынын негизинде коюлган “Меккеге карай узак жол” деген спектаклин, өзбек драматургу Иброгим Содиковдун “Апендинин беш аялы” комедиясын жана театрдын актрисалары даярдаган “Шок кыздардын” шоу концертин көрсөтүшүп, 7-театралдык сезонун жапты.

Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Замирбек Үсөнбаевдын чыгармачылыгына 40 жыл толду. Мааракеге арналган концерт 23-майда улуттук филармониянын чоң залында өттү. Кечеде акындын тарбиялаган шакирттери жана өзү жетектеген “Алымкул Үсөнбаев атындагы эл шайырлары” тобунун артистери өнөрлөрүн көрсөтүштү. Замирбек Үсөнбаевдин айтымында, эми өлкөнүн дубандарын кыдырып, элет тургундарына жеке концертин тартуулайт.

Бул жумада Москвада француз сүрөтчүсү Жакомо Де Пасстын жеке көргөзмөсү ачылды. “Менин дилгирлигим” аттуу бул көргөзмөдө белгилүү музыканттардын чыгармаларына үндөшкөн эмгектер коюлган.

Орусиянын эл артисти Виктор Борцов 74 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркум 50 жылдан ашык Москвадагы кичи театрда эмгектенген. Ал чыгармачылык жолунда бир катар спектаклдерде ойноп, тасмаларда образ жараткан. Алсак “Биринчи тролейбус”, “Аялзатынын келиши”, “Экөө үчүн бекет” жана башка ушул сыяктуу фильмдерде ойногон.

Узап бара жаткан аптада Москвада студенттер арасында “Сенин мүмкүнчүлүгүн” аттуу эл аралык театр фестивалы өттү. Анда актерлук кесипти аркалаган улан-кыздар спектаклдерди тартуулашты. Иш-чаранын алкагында устаттык сабактар өтүлүп, Америкадан келген профессор Мичиган Роберт Чейпл дарс окуду.

Италиялык белгилүү айкелчи жана сүрөтчү Пьетро Кашелла 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Маалыматтарга караганда маркум айкелчилик өнөрдү өзгөчө аздектеген адам болгон. Сынчылар анын “Белла чао” аттуу мемориалдык чыгармасын мыкты баага татыкттуу деп айтып келишет.

Аптанын шейшемби күнү Берлиндеги филармонияда концерт учурунда өрт чыккан. Аны өчүрүү үчүн жүздөн ашык өрт өчүрүүчүлөр иштеген. Өрт учурунда жабыркагандар болгон жок. Өрттүн чыгуусуна филармониядагы ширетүү иштери себеп болгон, деп билдирет Берлиндин маданий иштер боюнча катчысы Андре Шмитц. Болуп өткөн окуяга байланыштуу жакын арада филармонияда өтүүчү концерттердин бардыгы токтотулган.

Андреев атындагы Орус мамлекеттик академиялык оркестри быйыл 120 жылдыгын белгилейт. Аталган оркестр белгилүү музыкант Василий Андреевдин демилгеси менен түзүлгөн. Мааракеге карата бир нече концерттерди уюштуруу пландаштырылууда.
XS
SM
MD
LG