Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Шаар башчысын кайра шайлоодо Киевдин азыркы мэри алдыга чыкты


“Демокартиялык демилгелер” уюмунун жана Киевдеги Социология боюнча эл аралык институттун эсептөөлөрү боюнча Украинанын борборунун мэрин кайра шайлоодо анын учурдагы башчысы Леонид Черновецкий алдыга озуп чыкты. Кайра шайлоо кечээ жекшемби күнү өткөрүлдү. Шайлоо участкаларынын оозунда өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, Черновецкийге шайлоочулардын 32% добуш беришти. “Юлия Тимошенко” блогунун талапкери жана премьер-министрдин орун басары Александр Турчинов 20.3 % добуш менен экинчи орунда келе жатат. Ал эми боксчу Виталий Кличко 19.8 пайызга ээ болду. Шайлоонун биринчи расмий жыйынтыктары бүгүн – дүйшөмбү күнү билинет.
Украинанын мыйзамдарына ылайык, шаардын мэри шайлоого катышкандардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Байкоочулардын пикиринде Черновецкийдин жеңиши президент Виктор Ющенко менен тирешкен премьер-министр Юлия Тимошенко үчүн каттуу сокку болот.Анткени Тимошенко Черновецкийди коррупция боюнча күнөөлөп, анын негизинде парламент мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү чечкен. Ал эми президент Виктор Ющенко Леонид Черновецкийди колдойт.

XS
SM
MD
LG