Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

18:25 “Сентябрь” телеканалы жаш киночуну колдой турган болду


Телеканалдын Жалалабаттагы облустук бөлүмүндө бүгүн “Тузак” аттуу көркөм фильмдин аткаруучулары өз ара ролдорду бөлүштүрүштү. Бир сааттык тасма Жалалабат университетинин студенти Мунарбек Жөргөмовдун сценарийи боюнча тартылат. Анда баңгизат маселеси, сүйүү, жаштардын бүгүнкү жашоосу менен дүйнөгө көз карашы баяндалат. Тасманы облустук экономикалык соттун чечиминен кийин обого чыкпай калган “Сентябрь” телеканалынын чыгармачыл жамааты тартат. Oблсоттун чечимин жокко чыгаруу боюнча сыналгы ээсинин доо арызы Жогорку cотто качан каралаары белгисиз бойдон калууда. Сыналгы өткөн жылы ушул эле автордун “Тагдырдан тамган көз жаш аттуу” кырк беш мүнөттүк тасмасын тартып берген. Доо арыз сотко жеткени тууралуy сыналгы жетекчисине 28-апрелде кабар берилген. Мындай маалымат 26-майда телеканалдын түштүк аймагындагы жетекчиси Асылбек Текебаевден алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG