Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:28

ЧҮЙ ТЕАТРЫ БАШ ПААНЕК ИЗДЕП ЖҮРӨТ


Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын жамааты имараты жок ар кайсы жерде баш баанек кылып жүргөнүнө 4 жылдын жүзү болду. Алардын абалы тууралуу атаган театрдын башкы режиссеру Бектен Абдылаев менен маектештик.

-Бүгүнкү күнү Чүй театры кайсы жерде, абалыңар кандай?

-Бүгүнкү күндө Чуй театры эч жерде жок. Аламүдүн районунун Лебединовкасынан бир комната берген. Ал комнатадан да чыгарып таштады ремонт кылабыз деп. Ошол бойдон эч жерде жок жүрөбүз.

-Жамаатыңарда канча адам бар?

- Жамаатыбызда бардыгын кошкондо 30ка жетет.

-Силер Шаршен атындагы театрдын көйгөйлөрүн чечип берүүнү өтүнүп, Чүй облустук жетекчилерине, маданият министрлигине кайрылдыңыздарбы. Алардан кандай жооп болду?

- Кайрылганбыз. Чүй облусунун губернатору Сыйданов Чудиновго кат жазган, өзүбүз да жазганбыз, маданият министри да жазган. Досбол Нур уулу билет. Чудиновдо катыбыз жатат. Ошол бойдон эч жерден дайыны жок. Биз ойлогонбуз, ресторан болуп, оюн-зоок болуп кеткен кинотеатрлардын бирөөнү бизге берет го деп ойлогонбуз. Мен угушума караганда, алардын баарын чоңдор сатып алып, ошол бойдлн алалбай калдык. Чатыркөл театрын, Аксай мейманканасынын жанындагы Эски Кыргызстанды дагы чоңдор алды деген сөз угабыз. Биздин театрларды айтсак, Медеров менен Карлмаркс көчөсүндө бир клуб бар болчу, ал клуб казиного айланды. Рабочий городокто дагы бир клуб бар эле, ал клуб ресторанга айланды. Куловдун убагында Көл театрынын бир залын алып беребиз деди эле, мын-мына деп турганда ал залды дагы бир чоң сатып алыптыр. Андан да айрылды. Ылдый жактагы Нижний чүйский деген клуб бар эле, аны дагы бирөө сатып алыптыр деп угуп атабыз.

-Бектен мырза, эгерде бийликке ушул театрдын өнөрүнүн кереги жок болсо, анда убара болбой театрыңарды жаап эле салбайсынарбы?

-Театрды жаап салганда, анда театрга иштейбиз деп келген жаштар кайда барат. Ушунча жыл эмгек кылып ачылган театрды кайра жаап салган кандай болот.

-Эгерде маданият министрлиги, өмөт чечпей атса силердин кадамыңар кандай болот. Мына бүгүнкү күндө сиздерди Жаштар театрында эки бөлмөдө репетиция кылып атат деп уктум?

-Жаштар театрында кичинекей бөлмөнү убактылуу алганбыз. Ал дагы чык деп атат. Мурун деле биздин өзүбүздүн театр жок болчу, Свердловский райкомдун залында болчубуз, ал деле чык-чык деп турчу.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG