Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

КЫРГЫЗКИНО МАМЛЕКЕТТИК КОНЦЕРНИ ЖОЮЛДУ


Кыргызмамкиноконцернди жоюу жана Маданият министрлигинин курамына өткөрүү боюнча Президенттин Жарлыгы чыкты.

Кыргызмамкиноконцерндин президенти Замир Эралиевдин айтымында маселе иштин кызыкчылыгынан эмес, акча кызыкчылыгынан улам келип чыкты. Себеби киноконцернди текшерүүгө алган Эсептөө Палатасы кино жетекчилигинин ишмердиги боюнча туура эмес маалыматтарды чыгарган:

-Эсептөө Палатасы ушул маселе көтөрүлөр алдында атайын текшерүү жүргүзүп, жалаң бизди “шыбаган” жыйынтыктарды чыгарды. Алардын жыйынтыгында: кинотеатрлардын иштебей турганына мен күнөлүү экенмин. Фестиваль деңгээлинде өтпөптүр. Дагы башка кинелер. Мени эң таң калтырганы: сиз биздин жыйынтыгыбызга кол коюңуз дешти. Мен эмнеге кол коем, силердин мында жазганыңар баары калп болсо дедим. Ошентип кол койгонум жок.

Мисалы 2005-жылы кыргызмамкиноконцернге өкмөттүн бюджетинен 4 млн бөлүнгөн болсо, быйыл 42 млн бөлүнүп жатат. Кыргызмамкиноконцерндин жетекчилиги бул бөлүнүп жаткан каражаттын жарымын “Ысыккөл 2008” фестивалын өткөрүүгө жумшап, калганын кино жаатындагы орчундуу маселелерди чечүүгө жумшамак:

-10 млн сомду кыргызмамкиноконцерндин материалдык-техникалык базасын чыңдоого бөлгөнү жатабыз. 3 млн сом болсо канча жылдан бери тартылбай калган кыргыз мультипликациясын тартууга жумшалат. 1,5 мл сом дүйнөлүк мыкты тасмаларды кыргызчалатууга сарпталат. Калганына жаңы тасмаларды тартышыбыз керек.

Кыргызфильмфондунун директору Азима Абдимомунованын пикиринде – кинокомпания – бул өндүрүш. Ал эми маданият министрлиги – номенклатуралык мекеме:

-1969-жылдан бери киночуларды Маданият министрлигинин курамына кийирүүгө болгон 5-6 жолку аракет акыбетин берген жок. Азыр мына эми мөмөсүн төгүүгө даяр турган бактай болуп, ийгилиги көрүнө турган мезгилге жеткенде, кыргызмамкиноконцернди жоюу боюнча маселе коюлуп жатат. Эгер кино тармагы Маданият министрлигинин курамына кирсе, эми көтөрүлө баштаган кыргызкиносу токтойт да, кайра артка кетет.

Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Мукталы Бектеналиевдин пикиринде – улуттук кино жетекчилигинин маданият министрлигине өтүүсү кино ишмердигин кысылууга алып келбей – тескерисинче чыгармачылык кенен чөйрө түзүлөт:

-Мурда кино жаатында иштеген адам катары мен да кино жетекчилигинин Маданият министрлигине өтүүсүн туура көрчү эмес элем. Кино жетекчилигинин өз алдынча иш алып баруусу совет учурундагы башкарууга туура келчү экен. Эми кыргызмамкиноконцернди маданият жана маалымат министрлигине кошуу боюнча Президенттин Жарлыгы өз учурунда чыккан туура Жарлык болду.

Сүрөттө: Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасмасынан бир көрүнүш.
XS
SM
MD
LG