Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

ОРУСИЯНЫН КАЛКЫ АР ЖЫЛ САЙЫН 1 МИЛЛИОН КИШИГЕ АЗАЙЫП ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Москва Өткөн жылы Орусияда балдардын төрөлүшү мурунку жылга салыштырганда 12 пайызга өскөнү маалым болгон. Ошого карабай демографтар калктын жалпы санынын кескин азайганын айтышат. Алардын баамында, эгерде элдин саны ушундай тездикте кыскарып олтурса, 2050-жылы Орусияда 100 миллион гана киши калат.

Азыр Орусиянын калкы 143 миллиондун тегерегинде. Алардын катарынан ар жылына бир миллион адам кемип тураарын «Аргументи Недели» апталык гезити жазып чыкты. Ошол себептен 2020-жылы өлкө 22 миллион жумушчуга таңкыс болот экен. Элдин саны кыскаргандыктан жумуш иштөөгө жараган жарандар менен пенсия алгандар эсеби бирдей болуп калат.

Ошол себептен бийлик былтыр демографиялык маселени Коопсуздук кеңешинде карап, калктын санын өстүрүү саясатын жүргүзүүнү ал кездеги өкмөт башчынын биринчи орунбасары Медведевге тапшырган.

Жакында министр Татьяна Голикова маалымдаганга караганда, былтыр Орусияда балдардын төрөлүшү 8 пайызга арткан. Калктын жашоосу да жакшырган, бирок өмүр сүрүүнүн өлчөмү кыскарып кеткен.

Анын себебин талдоочулар Орусияда кийинки учурда адам баласынын баасы болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетишинен дешет. Азыр ким болбосун өз жанын гана багууга аргасыз болуп калуусунан улам болуп аткан көрүнүш.

NEWSru.com сайты жазганга караганда, орто эсептен алганда "Орусияда жаңы төрөлгөн ар бир 100 ымыркайга 140 боюнан алдыруу туура келет". Буга кошумча орусиялык аял жаатынын 50 пайызына чукулу эч убакта бала төрөп көрүшкөн эмес дешет.

Талдоочулар баамында, улут калкынын санын өстүргүсү келген бийлик баланын туулушу гана эмес анын соо-саламатта өсүп чоңоюшу үчүн кам көрүүсү керек. Мындай пикирди «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде Коомдук палатанын эксперти Светлана Пронина айтат:

Орусияда ар жыл сайын 750 миңге чукул бала жетим калат. Мынча көп жетим калуу Улуу Атамекендик согуш учурунда да болгон эмес.

Орусиялык демография жана экология борборунун жетекчиси Анатолий Вишневский айтканга караганда, совет бийлиги орногонго дейре Орусияда орто эсептен алганде ар бир аял 7 бала төрөгөн. Азыркы тапта ар бир аялдын 2 бала эле төрөшү улуттун табыйгы өнүгүшүн түзө алат. Бирок 90-жылдар ичинде балдардын төрөлүшү 1 баладан да азайып кеткен. Натыйжада 1993-жылдан бери калктын саны 12 миллионго азайган:

Калктын 6,5 миллионго азайышы, ошондо да саал-паал мигранттар эсебинен толукталгандан кийин дегенди билдирет, - дейт Вишневский.

Ырасмий булактарда "КМШ жана Балтика боюндагы өлкөлөрдөн ооп келишкен мигранттар эсебинен Орусия 1991-1995-жылдары калкынын санын 2541 миң башка көбөйткөн, ал эми 1996-2000-жылдар ичи 1739 миң башка гана көбөйтө алган".

XS
SM
MD
LG