“Агым” гезити “Адахан (М)” деген ат менен Эркин Пиримов аттуу автордун макаласын басты. Макаланын аягы: “Бүгүн “шпикер” алыскы Австрияда жүргөн чагы. Кызыгы, мамлекеттик кызматкердин этикасын “унутуп”, ажого бир ооз айтпай кетиптир. Башка маалымат булагына таянсак, атактуу Карловы Вары курортунда отпускелеп жүргөн досу Данияр Үсөновго жолугуп, “эмне кылабыз?” деп маслет куруп жүрүптүр.
Данчиктин берер кеңши белгилүү да: ”Көчүктү бекем кыскан бай болот досум, баргын дагы, Курманбек Салиевичтен жүгүнүп кечирим сура” дейт эмеспи. Кечирим сурабаганда Мадумаров кайда бармак? Оппозициягабы? Элчиликкеби? Катардагы депутаттыккабы? Канткен күндө да Мадумаровдун келечек тагдыры - Бакиев менен “акжолчу” депутаттардын колунда. Азыр эптеп аман калса, ойт берме оюнду 2010-жылы көрсөтөт. Эгер ээрден ыргып кетсе кыйналат... абдан кыйналат” деп жазды.
Буга катар эле айрым саясатчылар М.Садыркулов менен А.Мадумаровдун кармашын жиликтеп жибергенге да үлгүрдү. Маселен Ө. Текебаев, февралдын экинчи жарымында 1-топ М.Садыркуловду кызматтан бошотуу буйругун чыгарууга президентти көндүрүп, ал эми кечке маал 2-топтун таасири күчөп, президент ал буйругун кайра жокко чыгарганына күбө болгон адамдар барын, бүгүн ушул эки топ кармашып келатканын, экөөнүн ортосундагы күрөш акырындап олтуруп аеосуз түс алышы мүмкүндүгүн, Садыркулов кирген топ саясый күрөштө батыштык ыкмалар менен заманбап жолдор аркылуу аракет кылса, 2-топ салтка айланган чыгыш ыкмаларын колдонорун, эки топтун тил табышып кетери күмөндүгүн айтса, Эмил Алиев, бийликке мындан ары оппозициянын зарылдыгы жоктугун, эки топтун кармашында Мадумаров өз күрөшүнүн аягына чыгышы керек же отставкага кетиши керектигин айтты.
х х х
Ушул эле гезит азыр УТРКнын “Кыргызстан” маалымат башкы редакциясында башкы редактор болуп иштеп жаткан журналист Марип Тайчабаровдун революция болгондон бир жумадан кийин Досбол Нур уулу редакцияга келип “Жаңы кылым” гезитин бу кызга өткөрүп бер, сени “Кыргыз туусуна” жибермей болдук, Үсөн ака айтты” дегенин, анан ага ишенип 7 ай бою ишсиз калганын, ал эми азыркы кезде Улуттук радионунун жетекчиси Анаш Кадырова менен кантип кармашып жатканы жөнүндө кенен интервьюсун окурмандарга сунуш кылды.
“Кыргыз туусу” гезити Баяс Турал аттуу автордун “Борбор кандай жана каерде болуш керек?” деген макаласын жарыялады. “Борборду түштүккө которуу жөнүндөгү ой жеке регионалдык кызыкчылыктан эмес, жалпы улуттук геосаясый зарылчылыктан улам чыгууга тийиш” деп эсептеген Турал мырза, келечектеги борбор орусташкан түндүк же өзбектешкен түштүк киргиздердин борборуларынан айырмаланып, мамлекеттик тилде так, таза сүйлөгөн, элдин тарыхын жакшы билген, кыргыз дүйнө таанымын жакшы өздөштүргөн чыныгы улут элитасы бар, билимдүү жашаган кыргыз шаар болуш керек деп кыялданат.
х х х
Борборду Ошко көчүрүү маселесин “Кыргыз руху” гезитинин баяндамачысы Мамат Раимжанов да бүгүн жарык көргөн макаласында кеп кылган. Бишкек азыр моралдык да, физикалык жактан да басындыда калганын, шаарды дем алдыруу, ал гана эмес аны сактап калуу зарылдыгын белгилеген журналист, референдум, шайлоо өткөрүп, “Ак жолду” асфальттаганга акча тапкан бийлик борборду Ошко көчүрүүгө деле акча табарын, акча, ыгым-чыгым көп кетет деген курулай шылтоо экендигин, илгери Атамекендик согушта СССРдин борбору Москванын бир жуманын ичинде Новосибирск шаарына көчүрүлгөнү тууралуу документтер барын, эгер президент Бакиев борборду Ош кылса бир ок менен 4 коенду жайлап, аты да тарыхта каларын, Кыргызстан да сакталарына басым жасады.
х х х
“Де-факто” гезити Нарындын Куланак айыл тургуну Алымбек Исаковдун баптисттер жыйынына кирип кеткенине бир топ жыл болгонун, анын мындай кадамын айылдаштары “динин сатты, кайырдин” деп жакшы көрбөй жектеп келишкенин, ушул жылдын 18-майында Алымбектин 14 жашар уулу каза болуп, баланын сөөгүн имам баш болгон эл мүрзөгө койдурбай маркумдун ата-энесинин айлалары алты кеткенин, баптисттер жыйынынын өкүлдөрү президент Бакиевге чейин кат жолдошконун, дин ажырымынан улам тоо арасындагы бир айылдын эли эки жаатка бөлүнүп атканын өз көзү менен көрүп келген гезит кабарчысы Күнболот Момоконов өз макаласында баяндаган.
х х х
Гезит мындан тышкары Акүйдөгү кадрлардын алдмашуусуна арналган макаласынын атын “Акүйдөгү жаңгак жүрүшү” деп атап , кызык жери парламентти жаңгак жыгачы менен жалтыраткысы келген тарап да, ага каршы тарап да “мен президент менен кеңештим” деп, ар кимиси эле президентке шилтеме кылышканына караганда, чын эле мамлекет башчысы булардын ар бирине ар башка сөз айткан көрүнөт деп белгилеп, А. Мадумаров Австриядагы иш сапарынан келгенден кийин жөн гана депутат болуп калышы ыктымалдыгын, азыр спикерликке Чолпон Баековадан тартып, Аскар Салымбековго чейинки талапкерлер тандалып атканын айтып жатышканын маалымдады.
х х х
Ушул эле “Де-факто” Досбол Нур уулунун ордуна дайындалган Элмира Ибраимованын ордуна “Ак жол” фракциясынын башчысы болуп Азиз Турсунбаевдин шайланышын “Ак жолго” чоң муштум келди” деп атап, эми фракция ого бетер ыдырарын, анткени Азиз Турсунбаев депутаттар менен муштум аркылуу сүйлөшпөсө башка жол менен башкара албастыгын, журналисттерге анын Бакиевге өтө жакын чөйрөдөгү адам катары белгилүү экендигин, өткөндө парламенттин аппарат башчысынын мурдун сындыра чапкан өнөрүнөн башка өнөрү аларга белгисиздигин кабарлады.
Акүйдүн мына ушул кадрдык жүрүшүнө ойлорун айткан академик А. Эркебаев, кадрдык алмаштыруулар К. Бакиев үчун мүнөздүү көрүнүшкө айланганын, муну менен өлкөдө эч кандай деле олуттуу өзгөрүүлөр боло койбостугун айтса, Т. Тургуналиев, өлкөнү демократиялык жолго сала турган команда жок деп президенттин өзүнө да айтканын, Акүй-Бозүй менен кармашка өткөнүн, Мадумаров менен Бакиев, Садыркулов менен Мадумаров, кайра Мадумаров менен Ибраимова чабышып атканын, өкмөттө болсо Чудинов, Балкыбеков сыяктуу энергетиканы сызга олтургузгандар, кечээ эле Айдар Акаевдин тобундагулар олтурганын, “акжолчулардын” арасында “кара жолчулар” бар деп тээ өткөн күздө эле айтканын, негизи Бакиев Орусиянын жолуна түшөм деп туура эмес кылганын айтты.
Бакыт Бешимов болсо, куду Акаев заманындагыдай система уланып келатканын, система өзгөрмөйүн эч кандай өзгөрүү болбостугун, буга бир эле мисал Чүйдөн, Ысыккөлдөн, Таластан 60тан ашуун мугалим 2003-жылдан берки айлыктарын алалбай бир ай ушул парламент менен Акүйдүн ортосунда азап тартып жүрүшкөнүн, мугалимдер жаңы кызматка дайындалган Досбол Нур уулуна кайрылып эч кандай маселе чече алышпаганын, бүгүн өкмөт эл үчүн кызмат кылбай калганын, 2003-жылдагы мыйзам эмдигиче аткарылбаса, жөнөкөй эле жеринде чечилчү маселелер чечилбей жатса, кадр алмаштыруунун эмне кереги бар эле деп жооп берди.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ