Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

ДАЙЫНСЫЗ СӨӨК, ЭКСПЕРТИЗА, КЫЛМЫШ ИШИ


Нарын шаардык прокуратурасы Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросунун башчысы Жолдош Жуманалиевдин үстүнөн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп, Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Анын себеби соттук медициналык экспертизага келген адамдын сөөгү белгисиз себептер менен Нарын медициналык окуу жайына көрсөтмө курал катары өткөрүлүп берилген.

Акталаа районунун милиция кызматкерлери аталган районго караштуу Аккыя айылынын түштүк тарабынан Нарын дарыясынын жээгинен 2007-жылдын 15-октябрында белгисиз адамдын сөөгүн табышкан. Анын ким экендигин аныкташ үчүн сөөктү Нарын облустук соттук медициналык экспертизага алып келишкен. Нарын шаарынын прокурору Майрамбек Акматалиев кылмыш иштин ачылышынын себебин сөөк окуу жайга мыйзамсыз берилгендиги менен байланыштырды:

- 2007-жылдын 8-декабрында Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросунун начальниги Жолдош Жуманалиев кызмат абалынан пайдаланып, белгисиз адамдын сөөгүн Нарын медициналык окуу жайына мыйзамсыз берип салгандыгы үчүн кылмыш иш козгодук. Азыркы күндө тергөө аракеттер жүргүзүлүп атат.

Айыпталып жаткан Жолдош Жуманалиев болсо иш башталганда эле мыйзамсыз болду, сөөктү милициялар алып келбей, мен окуя болгон жерге барышым керек эле дейт:

- Эгерде өлүк болгондо биз өзүбүз чыгышыбыз керек эле. Бул болсо көпкө талаада жатып калып, анын сөөктөрү эле калган.

Жуманалиев соттук медициналык экспертке керек болгон баш сөөгүн жана жамбаш сөөгүн алып калып, калганын Медициналык окуу жайга бергендигин айтат. Прокурор Акматалиев сөөк берүүдө мыйзамдар одоно бузулган деген пикирде:

- «Правила производства судмедэкспертизы трупа» деп атайын Саламаттык сактоо министрлигинин, «положение о порядке установления невостребованных трупов» деген приказы бар. Бул жерде мындай болуп атат, бул сөөк талаадан суунун жээгинен табылып атат, бул сөөктүн ким экени аныктала элек, анын туугандарын да табыша элек. «О назначении экспертизы» токтом чыгарылып, берилгенден кийин Жолдош Жуманалиев өзүнүн милдеттерин так аткарган эмес. Биринчиден, 20 күндүн ичинде ким тарабынан экспертиза дайындалса ошого кайрылыш керек болчу. Алардан жооп болбосо, ким экени аныкталбай, туугандары табылбаса, андан кийин дагы кайра экинчи жолу кайрылыш керек болчу.

Ал эми Жолдош Жуманалиев болсо бардык иш мыйзам чегинде болгондугуна токтолду:

- Биздин нормативный акт боюнча, “инструкции по работе судебно-медицинской экспертизы КР” экинчи пунктунда жазылган, окуу пособиеге эксперт органдарын алса, бул экспертизага тоскоолдук кылбаса берүүгө уруксат, бирок акттын өзүндө жазып коюш керек тиги жакка же бул жакка берилди деп. Жыйынтыкта жазганда мен далидейм, калган сөөктөрү медицина окуу жайына берилген деп. Ал киши ким экени табыла элек. Эгерде табылса аны автоматтык түрдө өзүбүз алып, туугандарына беребиз.

Бул жөнүндө прокурор башкача ойдо:

- Эксперт бергенге укугу бар. Бирок белгилүү тартиби бар, ошону аткарып туруп анан бериш керек болчу. Ал эми Жуманалиев болсо аткарбай туруп эле түз эле өзү берип таштаган.

Ал эми Нарын медициналык окуу жайынын жетекчилери бул иш аягына чыкмайынча маалымат бере алышпастыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG