Кечээ Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Россия президенти Дмитрий Медведев менен келерки жумада жолугаарын билдирди. Алар Абхазия чыры боюнча сүйлөшөлөр өткөрөөрү күтүлүүдө. 20-апрелде Абхазиянын аба мейкиндигинен Грузиянын пилотсуз учагы атып түшүрүлгөндөн кийин Тбилиси Москваны айыптап, эки өлкө бийлигинин кайым айтышуусу күчөгөн. Абхазиянын аба мейкиндигиндеги грузин учагын Россия атып түшүргөн деген бүтүмүн БУУ дүйшөмбү күнү жарыялады. Бирок Россия бул тыянак Грузиянын шектүү маалыматтарына таянып чыгарылгандыгына басым жасоодо. Саакашвили Медведев менен 6-7- июнда Санкт-Петербургда өтө турган экономикалык форумда жолугушат.