Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

БИШКЕКТЕ ЖАЗГЫ СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ


Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде кыргыз эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылды.

Көргөзмөдө Таалай Курманов, Абдрай Осмонов, Тургунбай Садыков, Жыпара Адралиева, Юристанбек Шыгаев жана башка 12 эл сүрөтчүсүнүн эмгектери коюлган. Анда сүрөтчүлөрдүн ар кыл темада, түрдүү жанрда жараткан сүрөттөрү бар. Алардын айрымдары кыргыз жеринин кооздугун даңазалаган пейзаждарды, кээ бирлери белгилүү инсандардын элестери түшүрүлгөн портреттерди тартышкан.

Ошондой эле философиялык мазмундагы эмгектер да бар. Ал эми ал сүрөттөрдөн өзгөчө көзгө урунган эмгек эл сүрөтчүсү Жыпара Адралиеванын кийиз бетине тарткан сүрөттөрү болду.

Көргөзмөнүн күнөөкөрлөрү 10-15 жыл убакыт аралыгында тарткан эмгектерин алып чыгышкан. Кыргыз эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов бул иш-чараны толкундануу менен кабыл алышканын айтты.

-Мындай карасам баарыбыз эле улгайып калган экенбиз, эл сүрөтчүсү деген наамды дароо эле ала албайсың да. Кандайдыр бир өзүбүздүн чыгамачылыгыбыз менен кыргыз көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген экенбиз деп ойлоп жатабыз. Эл чыгармаларыбызды кандай кабыл алат деп толкунданып жатабыз.

Чуйков атындагы сүрөтчүлүк окуу жайынын жетекчиси Табылды Байбосунов жалаң эл сүрөтчүлөрүнүн башын бириктирген мындай көргөзмө алгачкы ирет өтүп жатканын айтып, сүрөт өнөрүн аркалаган улан-кыздар үчүн бул көргөзмө жакшы таасирлерин берет деген пикирин билдирди.

-Кийнки муун өсүп келе жатат да. Аганы көрүп ини өсөт дегендей, алар таланттуу эже-агайларынын эмгектерин көрүшүп тажрыйба топтошот. Менин оюмча бул жакшы жөрөлгө.

Бул көргөзмө Маданият жана маалымат министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Аталган министрликтин башкы адиси Дамира Алышбаева билдиргендей иш-чара эл сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгына саресеп салуу максатында уюштурулган.

Сүрөт күйөрмандары улуттук музейден ошондой эле май боектор менен тартылган сүрөттөрдөн тышкары, бедисчилердин жараткан буюмдарын да көрө алышат. Ал эми көргөзмө 7-июнга чейин созулат.
XS
SM
MD
LG