Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

МАДУМАРОВ МАСЕЛЕСИ ЖЕ КИМДЕР КИМДЕРДИН БАШЫНА ЖАҢГАК ЧАГЫП ЖАТАТ?


“Алиби” гезити “Президенттин жан-жөкөрлөрү төрт топко бөлүнүп тирешүүдө” деген ат менен Жогорку Кеңештин мурдагы төргаларынын бири Өмүрбек Текебаевдин интервьюсун жарыялады. Өмүрбек мырза ЖК имаратын оңдоп-түзөө деген жөн эле шылтоо болгонун, президенттин айланасындагы топтордун кызыкчылыктары бири-бирине төп келбестигин, бүгүн байлык талашуунун айланасында президенттин жан-жөкөрлөрү 3-4 топко бөлүнүп күрөшүп атышканын, мындан президент ошолордун жетегинде деп жыйынтык чыгарууга болорун, бийликтин бүтүндөй булактарын колуна алгандар, ири байлыкты да ээлеп алып, эми небере-чөбөрөлөрүн ойлой башташканын, алардын философиясы - кимде акча болсо ошол кожоюн, ошол замандын эркеси болот деген ой жашап, ошондон кутулбай келатканын айтты.

Ө.Текебаев ошону менен бирге эле шылтоого шынаа болгон жаңгак уюлунун тамыры тереңде жатканын, эгер жаңгакты кыюну чектөө жөнүндөгү мораторий жокко чыгарылганда, азыр колго түшүп, кармалып турган 200 тоннага жакын уюл гана эмес жаңыларын кыюуга жол ачылмагын, жаңгак уюлунун 1 килограммы 10 доллардан кем сатылбасын эске алганда эле 200 тоннаны 10 долларга көбөйткөндө 2 миллион доллардан ашуун акча болорун, мына ушул нерсе бүгүн кимдир-бирөөлөрдүн уйкусун бузуп атканын билдирди.

х х х

Аталган гезит мындан тышкары Мамлекеттик катчылыкка Нур уулу Досболдун ордуна тарыхчы Абдырахман Алымбаевди дайындаса ат көтөргүс иш кылмактыгын, Бакиев Көлдөгү 4 пансионатты казактарга берген мыйзамга кол койгонун, муну менен президент эларалык нормадагы маанилүү мыйзамды бузуп, кыргыз элинин ырыскысын казактардын колуна салып бергенин, эми айрымдар айтып аткандай көл жээгинде 31 пансионаты бар өзбектер “келе, пансионаттарбызды өзүбүзгө бергиле” деп талашпайт деп эч ким кепилдик бералбастыгын, Маскөөдө милийсалардын текшерүү учурунда документи жок 100 кыргыз колго түшүп, камакка алынганын, Адахан спикерликтен кетсе Аскар Салымбеков барын, бирок орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт дегендей, Аскар келген күндө деле Жогорку Кеңештин жосунсуз жоруктары токтоп калбай тургандыгын кабарлады.

х х х

Мадумаров маселесин бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити да маалымдады. “Мадумаровдун чуулгандуу окуясы анын кызматтык карьерасынын бүтүшү деп эсептөөгө болобу?” деп суроо койгон басылма, ага укмуштуунун баары боло жүргөн өлкөдө деги эле эч нерсеге пайгамбарчылык кылып болбойт деп кайра өзү жооп берип, Акаев убагында мамлекеттик казынаны талап-тоноп жатышат деп тынбай кыйкырып жүргөн Адахан мырза парламентке “Ак жол” аркылуу келери менен өзүнө 1 миллион 277 миң сомдук “Мерседес Бенц” машинасын эч кандай тендер жарыялабай туруп саттыртып алганын, отурган кабинетинин кабыл алуу бөлмөсун эле ремонтко сарпталган 24 миллион сомдун 803 миң сомуна жасатканын кеп кылып, эми Камбарата ГЭСинин курулушуна жардам берүү үчүн өкмөттү калкка кайрылуу жасагыла деп ишараттап турганын, кокус өкмөт мындай кайрылуу менен чыкты дегиче “бөрк ал десе баш кесип көнгөн” аткаминерлер ансыз да кымбатчылыктан тишинин кирин соро баштаган карапайым калктын бир аз тыйын-тыпыр алган бөлүгү болгон мугалимдер менен врачтарды, милийсаларды бир күндүк айлык маянаңарды ГЭСтин курулушуна которосуңар деп тебелеп-тепсеп кирерин Мадумаров башында турган депутаттар эң сонун билерин кошумчалап, ушунун баарын өкмөт мугалимдердин 5 жыл мурдагы карыз акчасын төлөп бербей туруп жасаганы жатат, деги өкмөттө уят деген жок калды деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG