Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

17:48 Т.Жакыпов: “Нарын шаарында азан айтууга тыюу салынууда”


Мындай маалыматты Нарын облустук мусулмандар казыятынын казысы Таалай Жакыпов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери микрофон менен азан айтып, мечиттин айланасында жашагандардын тынчын алып жатканын билдирип, тыюу салышууда. Казынын айтымында, Нарын шаары боюнча төрт мечит бар. Алардын алгачкылары 1990-жылдардан баштап иштей баштаса, акыркылары өткөн жылы салынып бүтүп, микрофон менен азан айтуу башынан бери бар. Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусундагы башкармасынын начальниги Таалай Жапаров беш-алты шаар жашоочулары “кичинекей балдарыбыздын жүрөгү түшүп, коркуп жатат” деп бизге кайрылышкандыктан имамдарга сунуш иретинде айтылган, деди. (JI)

XS
SM
MD
LG