Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

AIPSтин БЭЭЖИНДЕГИ 71-КОНГРЕССИ


Кабыл Макеш, Бээжин-Бишкек Өткөн жумада Бээжиндеги эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын 71-конгрессинде делегаттар олимпиадалык оюндардын ачылыш аземи өтө турган борбордук стадион жана башкы басма сөз борбору менен таанышты. Ошондой эле конгрессте спорт журналистикасынын келечеги, көйгөйлөрү тууралуу да кеп болду. Айрым мамлекеттерге Бээжиндеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/A617E246-DA1E-434A-8359-9FA756C1BC2F.asp олимпиаданы чагылдырууга журналисттерге өтө аз орун берилгенине нааразы да болушту. Бээжиндеги AIPSтин 71-конгрессине Кыргызстандан делегет катары спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш дагы катышты.

Бээжиндеги эл аралык Спорт журналисттер ассоциациясынын конгрессинде спорт журналистикасынын көйгөйлөрү да талкууга алынды. Италиянын «Ла газетта делло спорт» гезитинин жетекчисинин орунбасары Роберто Жилинин айтымында, спорт темасынан тышкары маданият, музыка, жаңы технология жаңылыктарына да орун берилип, эми Бээжинде августта боло турган Жайкы олимпиадага ушул гезиттен эле 24 кабарчы барат.

Жети тилде дүйнө жүзүнө маалымат тараткан Кытайдын «Цинхуа» агентигинен эле 284 кабарчы Бээжин олимпиадасынан репортаж берип турушат. Жалпысынан Бээжин олимпиадалык оюндарынын жүрүшүн дүйнө жүзүнөн 21 миң 600 кабарчы, телерадио кызматкерлери чагылдырууга укук алышса, анын миңге жакыны кытайлык журналисттер болмокчу.



Журналисттерге Бээжин олимпиадасын чагылдырууга аккредитация берүүдө эл аралык олимпиада комитети калыстык кылбай, Европа өлкөлөрүнө арбын орун берип жатышканына Казакстан спорт журналисттер федерациясынын президенти Несип Жунусбаев нааразычылыгын “Азаттыкка” билдирди.

- Казакстан Борбор Азиядагы үлкөн мамлекеттердин бири болсо, анан дагы Бээжин олимпиадасына жүздөн ашуун спортчусу жолдомо алышса, биздин өлкөгө 3 гана кабарчыга олимпиаданы чагылдырууга укук берилгени калыстык эмес. Анан дагы Бээжин олимпиадалык оюндарды кабыл алууга дайындыгы казактардай солгун экенин көрүп байкап, казактар гана бүткөрүлө турган жумушту акыркы күнгө калтырып кенебей жүрө берет десем, кытайлыктардын деле 2 айда бүткөрө турган иштери арбын экен.

Ушундай эле Монголия улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Байыргал Отто да Бээжин олимпиадасын чагылдырууга айрым өлкөлөргө бир гана журналистке орун берилгенине нааразычылыгын билдирди.

- Монголия Азиядагы байыркы мамлекеттердин бири болсо дагы жана дагы Бээжин олимпиадасына элүүгө жакын спортчусу жолдомо алышса, биздин өлкөгө 1 гана кабарчыга олимпиаданы чагылдырууга укук берилгени калыстык эмес.



Бээжиндеги AIPSтин 71-конгрессине Азербайжандан делегет катары катышкан ушул өлкөнүн спорт журналисттер федерациясынын президенти Элдар Исмаиловдун айтымында, спорт журналисттеринин жыйынында көп маселелер чечилди. Бакы шаары дагы 2016-жылы жайкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө талапкердин бири болуп жатканын, Бээжиндеги олимпиадага Азербайжандан 6 журналист келээрин Элдар Исмаилов кошумчалады.

Ошондой эле Бээжиндеги АIPSтин конгрессинде кыз-келиндерден спорт журналисттери саналуу гана экендиги сынга алынып, алар үчүн эмдиги жылы Тегеранда семинар-кеңешме өткөрүү маселеси да чечилди.

Ошондой эле 2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган кышкы олимпиадалык оюндардын жана Кытайдын Гуанжу шаарында боло турган 16-Азия оюндарын уюштуруу тобу даярдыктар тууралуу кеңири маалымат беришти.



Бээжиндеги эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын конгрессинин делегаттары августта олимпиадалык оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи боло турган жаңы курулуп бүткөн, учурда жеңил атлетика боюнча Кытайдын ачык биринчилиги өтүп жаткан улуттук стадион жана басма сөз борбору менен таанышып чыгышты.

Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбековдун пикиринде, Бээжиндеги башкы стадион менен башкы басма сөз борбору эл аралык деңгээлде салынып, башкаларга салыштырмалуу өзгөчө архитертурасы, жасалгасы менен адистерди жогорку баасына татыды.

Эми AIPSтин 72-конгресси 2009-жылдын май айында Италиянын Милан шаарында өткөрүлмөк болду. Андан кийинки 73-конгресс 2010-жылы Түркиянын Анталия шаарында өткөрүү демилгесин делегаттар бир добуштан колдоого алышты.

Бээжиндеги AIPSтин 71-конгрессине 96 өлкөдөн эки жүздөн ашуун делегаттар катышты. Ал эми Борбор Азиядан Казакстан менен Кыргызстандан гана өкүлдөр барышты.
XS
SM
MD
LG