Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

БҮТ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРЫГЫ БАЛКЫБЕКОВДУН ҮЙҮНДӨБҮ?


“Де-факто” гезити нааразылык акцияларынын учурунда жыйналган элдин тобун башкарууга мүмкүн болбой калганда суу менен кууп тарата турган 3 машина Орусиядан алынып келатканын, мындай суу аткычтардын ар биринин баасы 100 миң долларга чамалап барарын, энергетика министри С. Балкыбеков карапайым калктын жарыгын өчүргөнгө маш болгону менен чоңдордун үйлөрүн, казинолор менен ресторандарды, сауналарды өчүрбөстүгүн, ал эми анын өзү жашап турган үйү күндүз да күйүп турарын, айрыкча Ата Түрк паркындагы, Ала-Арча-1, Ала-Арча-2 жана Царское село деп аталган аймактагы особняктар деги эле караңгы деген эмне экендигин билбестигин, ошол эле убакта Жалдагы балдар ооруканасы жана моргдордо электр жарыгы тез-тез өчүрүлүп турарын, аны менен С. Балкыбековдун иши жоктугун кабарлады.

х х х

Ушул эле санга “Асаба” саясый партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун “Садыркулов кыргыздын мыкты жигиттерине ор казуу саясатын жүргүзүүдө” деген интервьюсу жарык көрдү. Мунун далили катары Азимбек мырза Адахан Мадумаровдун жаңгак шылтоосу менен жайланганын, убагында Медет мырза А.Атамбаевди кетирүүдө да катуу рол ойногонун, азыр ал Бакиевдин уулу Максимдин ишенимине кирип алып ушундай саясат жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Бекназаров андан аркы сөзүндө эмдиги чабуул президенттин өзүнө башталып калышы мүмкүндүгүн, кыргыздарды ушинтип ичтен иритип, бытыранды кылып чачыратып, мамлекеттүүлүгүн жок кыла турган саясат жүрүп атканын, ошондуктан мына ушул гезит аркылуу “Курманбек Салиевич, эми кезек сизге кантип жетип калганын байкабай калбаңыз” деп президентке кайрыларын, Садыркуловдун орду Акүйдө эмес түрмөдө экенин, бирок ал буга карабай ал башкаларды түрмөгө олтургузуп атканын, мына ошентип бүгүн кыргыздарды түрмөгө олтургузуп, элди бүлүнтүп, бөлүп-жарып турган адамдар башкарып атканы ичти күйгүзөрүн билдирди.



Буга улай эле журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун Адахан Мадумаровдун саясый бейнесине сүртүмдөрү “Илгери бир койкоңдогон короз болуптур” деп аталат.

х х х

Гезит менен баарлашкан белгилүү саясатчы, депутат Бакыт Бешимов Кыргызстандын учурдагы абалына “Демократиянын эмес, уурулардын мекенине айландык” деп баа берди. “Коомдун бүгүнкү оорусу” деп айтты ал, “саясый элитабыздын бардык бөлүгүн эч принциби жок, айдама, кошоматчылар гана түзүп калганында. Аларга Мекен, улуулук, намыс дегендер бир тыйын. Өлкөдөгү сан жеткис проблемалардын ичинен бир эле проблеманы мисалга тартсак, 2003-жылдан бери мугалимдер өзүлөрүнүн педстажылары үчүн төлөнө турган мыйзамдуу акчаларын алалек. Ал үчүн казынадан 4,5 миллиард сом керек. Ушуну көрүп туруп кабинеттерибизди ремонттоп, шартыбызды жакшырткыбыз келет. Кыргызстан коррупционерлердин гана мекени болуп калды”, - деп билдирди парламент мүчөсү.

х х х

Аскар Акаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн “Лица” гезити Орусия Академиясынын академиги, Москва мамлекеттик университетинин профессору, Кыргызстандын тунгуч президенти учурда орус президенти Медведев жашап турган мартабалуу адамдар жашаган чөйрөдө жашарын, ага атайын машина бекитилип берилгенин, өткөн шайлоо чырында Кыргызстандын күч органдары тарабынан үйтүрмөгө алынган кызы Бермет Акаеванын бир тал чачын түшүртпөй бошотуп алууда да Кремлдин жүндүү колу турганын эске салып, экс-президенттен “Сиз Үзөңгүкуушту Кытайга кантип бердиңиз эле?” деп сураганда ал, Үзөңгүкууш да, Хан Теңир чокусу да СССР убагынан бери эле талаш жер болуп келгенин, бирок ошол жердин 70 пайызы бизде калып, 30 пайызы гана Кытай тарапка өткөнүн, эң башкысы улуттун символу болгон Хан Теңир тоосу өзүбүздө калганын, эгер ошондо Кытай жетекчиси Цзянь Цземин акылмандык кылбаганда эки тарап 50-50 пайыздан жерге ээ болуп калмагын айтат.



Кадр маселесине токтолгон Аскар Акаев, алтургай каргашалуу Аксы окуясына карабастан Курманбек Бакиевге губернаторлуктан кем эмес даражадагы кызматтарды сунуш кылганын, бүгүнкү кыргыз бийлигинде учурунда кесиптик деңгээлдери менен көзгө көрүнө албаган адамдар олтурганы өкүнтөрүн, ал эми өзү болсо сөзсүз бир күнү өз Мекенине кайтып келип, эли-жеринде жашарын кеп кылган.

х х х

“Лица” гезити мындан тышкары коомдук парламент жетекчилеринин бири Аликбек Жекшенкулов тууралуу бири-бирине кайчы пикирдеги эки макаланы жана профессор Осмонакун Ибраимовдун кыргыздын башына түшкөн бүгүнкү күн жөнүндөгү ой жүгүртүүсүн окурмандарга сунуш кылды.


х х х

“Акаевди кызматынан кетирер алдында баары башын канжыгага байлап, жандарынан кечип жүргөн учурда азыркы Адахан Мадумаров менен досу Данияр Үсөнов кайда жүргөнү белгисиз болучу. Революция бүтүп, баары жайына келгенде Адахан президент, Данияр премьер-министр болобуз деген ураан менен чыкты. Эки дос тең Бакиев менен соодалашып, аны мажбурлап, ошонун арты менен эгиз эрке баладай дүркүрөп өсүп, ойноп-күлүп, чалкалап-чардап келишти” деп жазган “Жаңырык апта” гезити, президенттин мындар аркы жүрүшү Эшимканов, Субаналиев, Карабековдо болушу мүмкүндүгүн, анткени булардын баары ажого акаарат келтирип барышкандар экендигин, кыргызда саткын, куйтулар орой болбосо да ушинтип маданияттуу түрдө жазаларын алып турса көпчүлүк ыраазы болорун каңкуулады.

х х х

Ушул эле гезит аркылуу курган аңгемесинде саясатчы Аликбек Жекшенкулов А. Мадумаров бийликтен кол шилтеп баса берсе аны оппозиция алар-албасы чоң маселе экендигин, сүйлөсө тили менен буудай куурган Мадумаровдун колунан иш келбестигин айтса, Оштон кат жолдогон Базаркүл Даданова, Бакиев мурунку эле Акаевди колдогон чөйрөдөн чыга албай жатканын, эгер Адаханга окшогондой иштерди мындан ары да уланта берсе анын кадыры Түштүктө төмөндөрүн, заман азыр эмне болору белгисиз болуп, мамлекет өтө коркунчута тургандыгын билдирген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG