Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Т.ТУРГУНАЛИЕВ: КЫРГЫЗДЫН УЛУУ ИНСАНДАРЫНЫН БИРИНЕН АЙРЫЛДЫК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ белгилүү саясий жана коомдук, маданий ишмер Дооронбек Садырбаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/781A1E3D-6F5F-4C7B-93F8-11047E5CFF23.asp Чүй облустук ооруканасында катуу оорудан кийин көз жумду. Маркумдун мекенине сиңирген ишмердиги, чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берүүсүн өтүнүп, “Азаттык” үналгысы коомдук ишмер, “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевди кепке тартты.

-Топчубек мырза, Дооронбек Садырбаев операциянын алдында катуу оорудан көз жумгандыгы тууралуу айтылып жатат, ал эми илдеттин себептери тууралуу расмий маалымат таратыла элек. Бул коомчулукта маркумдун өлүмү тууралуу түрдүү бүкшүмөлдөрдү пайда кылып жатат. Сиз эки күндөн бери маркумдун үйбүлөсүнүн жанында болуп аткан экенсиз. Сизде ушул тууралуу маалымат барбы?

-Кыргыз улутунун, Кыргызстандын тарыхында Дооронбек Садырбаевдин опол тоодой орду бар. Бул улуу инсандардын ичинен чаарбаш, чыгаан инсандардын бири болгон. Ал киши өткөн жана бүгүнкү авторитардык бийликке каршы чечкиндүү, ачыктан ачык күрөшүп жүрдү.

Экинчиден, тээ 80-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында кыргыздын өтө өкүнүчтүү трагедиялуу тарыхый кыргынына арналган “Кайран эл” деген 9 бөлүктөн турган эң бир укмуш тасма тарткан. Ал тасманы биз тилекке каршы бир эле жолу көрүп калдык. Эгерде мурдагы бийлик ага караманча каршы болсо, азыркы бийлик дагы унчукпай отурат. Ал тасманы бүтүндөй окуу жайларга, мектептерге чейин көрсөтүп, кыргыздын жаш муундарына өзүбүздүн трагедиялуу тарыхыбызды үйрөтүп жүрсөк абдан жакшы болот эле.

Дооронбек Садырбаев көркөм интеллигенциянын ичинен акыркы 18-20 жылдын ичинде диктатурага каршы, элге түздөн түз зыян келтирип жаткан, элди атып, жерди сатып жаткан бийликке каршы чыгып келген. Менимче, жападан жалгыз ошол көркөм интеллигенциянын өкүлү болду.

Эгерде Дооронбек Садырбаев болбосо мүмкүн Аксы окуясынын ары жагындагы сырлар дагы ачылбай калат беле деп ойлойм. Ал парламенттик комиссияда отуруп, ушунчалык укмуш иш кылды. Баягы бийликтеги өздөрү жашыруун тартып жүргөн тасманы жарыялаган. Дооронбек Садырбаев өзү акын, жазуучу, режиссер жана эң оболу тарыхый улуу инсан катары менимче кыргыздын тарыхында түбөлүккө калат деп ойлойм.

-Маркумдун өлүмүнө кандай илдет себеп болгону тууралуу маалымат барбы?

-Ооба, бул киши 70ке жетпей калды. Мурдагы жылы бул киши ууланган. Мүмкүн ууландырган. Ошондон оңбой калды. Мунун ичеги-карды, боору бүтүндөй эзилип кеткен. Ошол эчен-эчен мыкты врачтар карап жатышып дагы айласын таппай коюшту. Бир-эки жолу ачыктан ачык, Докем мага дагы “мен ушул уулангандан оңбой калдым, ушу менен оо дүйнөгө кетет окшойм” деп айткан.

Докемдин дагы бир жерин айтып берейин, бул өткөн заманда, азыркы заманда дагы саясий куугунтук салып, анын ичинде мени, Жумагазыны баягы Караколдогу соттоп жатканда, ачыктан-ачык эң бир укмуш юристтерден аша бизди жактап келгенин дагы баса белгилеп кетиш керек. Себеби ал заманда саясий куугунтук жегендерге көңүл айтып, аларды ачыктан-ачык коргогондон дагы эбегейсиз көп кишилер коркуп жүргөн. Докемдин жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG