Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

“ТҮРКСОЙ” УЮМУНУН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ БИШКЕКТЕ ӨТӨТ


Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага 27-29-май күндөрү Анкарада “Түрксой” уюмуна кирген өлкөлөрдүн маданият министрлери юбилейлик жыйын өткөрүштү. Уюмдун жыйынында козголгон маселелер тууралуу Кыргызстандын маданият министри Султан Раев “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Султан мырза, министрлер жыйынга кандай максат менен чогулду эле?

-Быйыл “Түрксойдун” уюшулганына 15 жыл толду. Бул “Түрксой” жалпы түрк дүйнөсүнүн маданият министрлеринин башын бириктерген чоң эл аралык уюм болуп эсептелет. Ага 14 мамлекеттин маданият министрлери мүчө болуп кирген.

Бул жылкы жыйыныбыз юбилейлик жыйын болду. Экинчиден, “Түрксойдун” башкы директорун шайладык. Баш директорлукка Казакстандын мурдагы маданият министри, белгилүү коомдук мамлекеттик ишмери Дүйшөн Касеинов болду. Ошондой эле “Түрксойдун” башкы директорунун орунбасары Түркиянын жаш окумуштуусу Фаретбей деген мырза болду.

Негизги каралган маселелер мындан аркы “Түрксой” уюмун кандай өнүктүрөбүз, кандай реформа жүргүзөбүз, ошондой эле түрк маданиятын, түрк интеграциясын дүйнөлүк маданияттын контекстине кантип өнүктүрөбүз деген маселелерди козгодук. Чынын айтканда бул жыйын аябай жемиштүү болду.

Ошондой эле биз бул жерде жалпы чечим менен “Түрксойдун” кезектеги жыйынын Бишкекте 26-27-октябрда өткөрө турган болдук. Ал биринчи кезекте белгилүү биздин улуу жазуучубуз, жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине байланышат. Ошол мааракенин алкагында түрк дүйнөсүнүн 14 министри барып, Чыңгыз Айтматовго бериле турган чоң сыйлыкты тапшыруу аземи болот.

-Султан мырза, сиз кесиптештериңиз, жалпы “Түрксойго” кирген маданий ишмерлер менен жолугушуп келдиңиз. Ушул уюмдун ишмердүүлүгүн кандай баалашууда?

-Чындыгында эле “Түрксой” 15 жылдын аралыгында түрк дүйнөсүнүн маданиятын өнүктүрүү жана маданият жагынан байланышты чыңдоо боюнча бир топ иштерди жасады. “Түрксой” түрк дүйнөсүнүн кичи ЮНЕСКОсу деп аталып калды. Анан көп иш-чараларга Кыргызстан дагы активдүү катышууда. Театралдык фестивалдарга биздин артисттерибиз келип атат. Ошонун бардык чыгымдарын Түркия көтөрүүдө. Ошондой эле бир топ долбоорлор боюнча иштеп атабыз. “Түрксой” биздин маданиятыбызды жандандырууда чоң ролду ойнойт.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG