Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

ФИФА: Чет өлкөлүк легионерлердин саны кыскартылат


Футбол боюнча эларалык ассоциациянын мүчөлөрү, ФИФАнын президенти Зеп Блаттердин футбол командаларында чет өлкөлүк легионерлердин санын кыскартуу боюнча сунушун көпчүлүк добуш менен колдоп беришти. Ага ылайык 2012-2013-жылдагы сезондон баштап мелдештерге командаларда 5тен көп эмес чет өлкөлүк футболчу, кеминде алтоо ошол мамлекеттин өкүлдөрү болууга тийиш. ФИФАнын төрагасы Зепп Блаттер эреже бара-бара жалпыга маалым болот деп үмүттөнөт. 2010-жылкы сезондон тарта беттешүүлөр, командаларда 4 жергиликтүү жана 7 чет өлкөлүк спортчу курамы менен баштоого тийиш болот. Бул чечим ассоциациянын Сиднейде өткөн сессиясында кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG