Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ КАЧАН АРЗАНДАЙТ?


“Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөктүн кезектеги чыгарылышы курулуш материалдарынын баасына арналды.

Курулуш материалдары демекчи, быйылкы жылы дээрлик Кыргызстандын бардык аймактарында кичи кыш заводдору курулуп, ишке киргизилгенине карабастан, кыштын баасы төмөндөгөн жери жок. Ал эми цемент-шыйпыр чыгаруу тармагында монополист ишкана болуп эсептелген Кант комбинатынын чыгарган цементтин да баасы кымбат, быйыл былтыркы ушул кезге караганда баа дээрлик эки эсе көтөрүлдү. Ушул тапта цементтин 1 кг 13-14 сомго чыкты. Ал эми жаз мезгилинде арзаныраак болуп, көбүнчө жайкысын баасы көтөрүлүүчү шыйпыр быйылкы жылы жазында эле 240 сомдон төмөн болгон жок. Ушул тапта өлкөнүн аймактарында, өзгөчө түштүктө шыйпырдын баасы кымбат болуп жатат.

Жалалабатта цемент менен шыйпырдын баасы 5-10 сомго арзандады

Бирок кайра эле жыгач менен кыштын кымбаттыгы турак-жай куруучулардын маанайын түшүрүп, бышкан кыштын ордуна ылайдан дубал көтөрүүгө аргасыз кылууда. Ушу апта күндүн ысыгы үй-жай курууга өбөлгө түзүүдө. Турак-жай курулушуна керектүү материалдардын баалары бирде кымбаттап, кээде төмөндөп, кайра көтөрүлүүдө. Облустун курулуш тетиктерин саткан базарлардын бааларында да айырма көп.

Жалалабаттагы курулуш материалдары сатылган базарда үй-жай курууга керектүү каражаттардын бардыгы бар. Бир ай мурда бул базарда шыйпырдын баасы 280 сомго чыгып кеткен, азыр 240-250 сом болуп калды. Күлбото (цемент) да арзандап, бул күндөрү тоннасы 6800 сомго бааланууда. Жыгач тактайлар кубуна жараша 12-13 миң сомго барабар, бирок тактай жыгачтардын дааналап 600 сомдон сатып алган кардарлар да болду.

Базардын деректири Нурдин Жалаловдун айтымында, шыйпыр менен күлботонун арзандашына алар көп ташылып келгендиги себеп болду:

-Азыркы учурда курулуш материалдары бир аз арзандап калды. Өзбекстандан келип жатканына байланыштуу цементтин баасы түштү. КамАз автомашинасы менен алып келүү акысы арзандагынан улам шыйпырдын баасы да саал ылдыйлады.



Анткен менен бир тонна цемент башка базарларда 7500 сомго дейре бааланууда. Күлботону үргүлжү алалбаган кардаларга сатармандар ар бир кабына 360-380 сомдон сурашты. Карапайым жарандар үчүн курулуш матеиралдарынын баалары кымбат. Кымбатчылыкка карабай бышкан кыш менен дубал тургузган акчалуу адамдар да аз эмес. Былтыр бүткөн үйдү шыбап жүргөн Данияр Ысманалиев аттуу уста каражаты аз кишилер ылайдан кыш куйдуруп жатышканын айтты:

-Анын бир даанасы эки сом турса, облуста иштеп жаткан алты кыш заводунан чыккан бышкан кирпич төрт жарым-беш сомдон сатылууда. Акчанын куну качып, баалар өскөн сайын жарандардын үй куруу мүмкүнчүлүгү азайуда. Турак-жайларды чет жактарда иштегендер менен жеке ишкерлер курууда.

Облус борборунун чет жакаларында топурак ташып келип, ылайдан чийки кыш куйдуруп жаткан бир нече жарандарды учураттык. Ата-энеси жана өз үйбүлөсү менен бир үйдө жашаган Шавкаттын өзүндөй эле аялы да иштебейт. Ал беш бөлмөлүү үй курууну чечкен. Колу жукалыгынан улам ал да усталарга ылайдан кыш куйдурууда.

Анын айтымында, карапайым жарандар үчүн кум-таш, күлбото, жыгач, шыйпыр баалары өтө кымбаттык кылат. Турак-жайга муктаж болгондор бузулган эски үйлөрдүн эмеректерин кайра иштетүүгө же дубалды пакса, саман аралаштырып, уютулган гувала менен үй куруудан башка аргасы жок. Мамлекеттин жеке үй-куруучуларга берген жардамы белгисиз.



Баткенде цемент 9, шыйпыр 270 сом

Өлкөнүн алыскы аймактарынын бири болгон Баткен облусуна цемент менен шыйпыр Канттан жеткиче баасы бир топ көтөрүлөт. Ал эми коңшулаш Өзбекстандан апкелинген цементтин баасы арзан болгону менен сапаты жагынан Канттын цементине теңеле албайт.

Ушул тапта Баткенде цементтин 1 кг 9 сом, шыйпырдын бир даанасы 270 сом болууда. Бул жакта да турак-жайларды негизинен Орусияда, Казакстанда иштеп келген, акчасы бар адамдар гана тургузуп жатышканы айтылат. Алар болсо курулуш материалдарга болгон баанын өсүшү менен Орусияда иштеп таап келген эки жылдык акча каражатка бир үй тургузуу мүмкүн болбой калды, деп нааразы болушууда.

Буга чейин баткендиктердин бир жылдык Орусияда иштеп тапкан акчасына бир үйдү тургузуу мүмкүн болсо, учурда эки жылдык Орусиядан жөнөтүлгөн акчага да бир үй бүтпөй калды. Ушундай пикрин Баткен шаарынын тургуну Алмаз ортого салды:

-Эки жыл болду үйдү баштаганыбызга. Акем Москвага иштеп кеткенине эки жарым жыл болду. Ошол убакыттан бери ай сайын акча жиберет, ай сайын курулуш материалдарын алабыз. Эмдигиче, мына өзүңөр көрүп турасыңар, бүтө элек.

Ал эми жаңыдан эле түтүн булатып, эми өзүнө үй салып жаткан Акылбек болсо, курулуш материалдарынын кымбаттаганына сатуучулардын күнөөсү бар деп шекшийт:

-Ары жакта кымбаттады эле дешет, кайсы жакта кымбаттаганы белгисиз. Мурда доллар кымбаттады деп, бааны көтөрүшөт эле. Азыр доллар деле арзан эле, кайсы жактан кымбаттап атканы белгисиз.

Курулушка керек буюм-тайымдарга болгон баанын өсүшүнүн себеби эмнеликтен деген суроо менен сатуучуларга кайрылдык.

Сатуучу Рахат Рахманова товар өздөрүнө кымбат келип жаткандыгын бекемдеп, алар ортодогу аз гана баа кошуп сатарын айтты:

-Биз аз эле акча кошобуз, бизге кымбат келип жатат. Акча табыш оңой эмес да.

Ошол эле учурда дагы бир курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн ээси Заирбек аттуу жигит, товар тынымсыз эле өтүп жаткандыгын белгилеп, акчасы барлар сатып алып жаткандыгын билдирди. Заирбек айткандай акчасы барлар кабат кабат үйлөрдү куруп жатса, акчасы жоктор качан арзандайт экен деп, базар баасын аңдуу менен убара.



Же өзүнүн колунан келбейт, же колунан келгенге бербейт

Негизги курулуш материалдарынын бири болуп саналган цемент менен шыйпыр чыгаруучу ишкана – Кант цемент-шыйпыр комбинаты азырынча бул тармакта монополист. Ага атаандаш катары курулуп жаткан Кызылкыядагы цемент заводу алгачкы продукциясын кийинки жылдын март айында чыгарары айтылууда.

Ал эми Ташкөмүрдөгү цемент заводунун курулушун Ирандын “МАПСА” компаниясы каржылоого макул болуп жаткандыгын жакында эле Ирандагы кыргыз элчиси Медеткан Шеримкулов маалымдады. Аталган компания заводду куруу менен жылына 1,5 млн тонна цемент чыгарууну болжолдоодо. Ал эми Канттагы комбинат жылына 1 млн тонна цемент чыгарат, анын жарымынан көпчүлүгү Казакстанга ташылып кетет.

Адистердин айтуусунда Кыргызстандагы цемент тартыштыгын жоюу үчүн жылына 5 млн тоннадан кем эмес цемент өндүрүлүүгө тийиш. Ташкөмүрдөгү цемент заводун курууга өткөн жылы кытайлык ишкерлер кызыгып, бирок алардын курулуш ыкмасы кыргыз бийлигинин купулуна толгон эмес.

ЖК депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча курулуш материалдарын даярдоочу табигый сырьелордун баары Кыргызстанда бар. Аларды иштетип, цемент, шыйпыр, гипс жана башка материалдарды чыгарууга кызыккан инвесторлорду бийлик көп учурда колдоого албай, тескерисинче алардын ишине бут тоскон учурлар арбын:

-Элдин кызыкчылыгын ойлоп, керектүү ишканаларды курабыз деген инвесторлор өтө көп. Бирок тилекке каршы биздин кээ бир аткаминерлер өз кызыкчылыктарын элдин кызыкчылыгынан жогору коюп, өз чөнтөгүнө түшүүчү бир аз акча үчүн ар түрдүү амалдарды ойлоп таап, ушундай өтө керектүү долбоорлордун ишке ашуусуна тоскоол болуп жатышат.

Осмонбек Артыкбаев ошол эле учурда өкмөт курулуш материалдарынын бааларын элдин күчү жеткидей өлчөмгө түшүрүп берүүгө кудурети жетет, деп эсептейт. Анын сөзү боюнча баа саясатын монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттиги көзөмөлдөп, бир калыпка түшүрүүгө милдетүү.

Замира Кожобаева, Бишкек
Ырысбай Абдраимов, Жалалабат
Сабыр Абдымомунов, Баткен

XS
SM
MD
LG