Ушул тапта Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм музейинде балдардын чыгармачылыгына аналган көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөгө шаардык искусство багытындагы мектептердин, музыкалык студиялардын окуучулары катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Бул иш-чарага биринчи жолу президенттик “Алтын шаты” балдар академиясы катышууда. Бул күнү каалоочулар өздөрү сүрөт тартып, түрдүү сынактарга катыша алат.
Балдарды коргоо күнү бүткүл дүйнөдө 1950-жылдан баштап белгиленип келет. Бириккен Улуттар Уюму балдардын укугун, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары тандап алган. (ZMa)