Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


29-майда Түркияда Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүлдү. Кыргыз жазуучулары да түрк тилдүү коомчулуктун бул демилгесин колдоого алышарын билдиришти.

Президент Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен, Республиканын музыкалык искусствосуна кошкон зор салымы үчүн композитор жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаевге “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам ыйгарылды.

Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү, алардын ишиндеги бири-бирин кайталоону жана удаалаштыкты жоюу боюнча администрациялык реформаны андан ары турмушка ашыруу, ошондой эле аларды күтүүгө бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында президент Курманбек Бакиев “Кыргызкино” улyттyк концерни жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, кинематографиянын функцияларын жана мамлекеттик уюмдарын Маданият жана маалымат министрлигине өткөрүп берүү менен «Кыргызкино» улуттук концерни жоюлду.

Президент Курманбек Бакиевдин буйругуна ылайык, Замир Эралиев “Кыргызкино” улуттук концернинин президентинин кызматынан бошотулду.

К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде Кыргызстандагы китепкана жаатында билим берүүнүн 60 жылдыгына жана профессор Тамара Шаймергенованын ишмердүүлүгүнүн 45 жылдыгына арналган конференция өттү. Калк китепканаларынын алгачкы форумунун алкагында уюштурулган конференцияга өлкөнүн баардык аймактарынан келген китепкана кызматкерлери, илимий интеллигенция өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө китепкана кызматкерлерине “Китепканачылардын коомдук бирикмеси” тарабынан негизделген “Китепкана жылдызы” деген диплом жана төш белгилер ыйгарылды.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде кыргыз эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө Таалай Курманов, Абдрай Осмонов, Тургунбай Садыков, Жыпара Адралиева, Юристанбек Шыгаев жана башка 12 эл сүрөтчүсүнүн эмгектери коюлган. Анда сүрөтчүлөрдүн ар кыл темада, түрдүү жанрда жараткан сүрөттөрү бар.

27-майда Москвада Рахманинов атындагы пианистердин эл аралык сынагы башталды. Ага 12 өлкөдөн өнөрпоздор келишти. Чет элдик катышуучулардын талабы боюнча бул жолку сынакта пианисттерге бир эле Рахманиновдун чыгармаларын эмес, башка дагы музыкаларды ойногонго мүмкүнчүлүк берилди.

Улуу Новгороддо бул жумада “Салттар” аттуу сынак өттү. Ага орустардын мыкты делген фольклордук ансамблдери катышты. Жалпысынан сынакка Орусиянын баардык аймактарынан 16 чыгармачыл топ, 200дөн ашык өнөрпоздор жыйналды.

6-июндан тарта 13-июлга чейин Петербургдагы Дмитрий Шостакович атындагы филармонияда “Музыка топтомдору” аттуу үчүнчү фестивалы өтөт. Анда маэстро Евгений Мравинскийдин туулган күнүнө арналган концерт уюштурулат. Ал кечени австриялык дирижер Ганс Граф даярдайт.

Голливуддун “акыркы магиканы” деп кино чөйрөсүндө аталып келген кинорежиссер Сидни Поллак 73 жаш курагында Лос-Анжелесте көз жумду. Маркумдун репертуарында 30дан ашуун көркөм тасма бар.
XS
SM
MD
LG