Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

ТАШТАНДЫ БАЛДАРДЫН ТААЛАЙЫ КЕМ


Ош шаарындагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү балдарды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/06/1443899C-8CA7-4D92-938E-B805E3290B0A.ASP , айрыкча жетимдерди колдоо боюнча мамлекеттин ырааттуу саясаты болбогонун жана аларды майрам күндөрү гана эстеп, кийин унутуп кое турганын айтып келишет. Ош шаар бийлиги мындай пикирге каршы экендигин 1-Июнь – Балдар күнүндө билдирди.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, калаада 130 жарым-жартылай, 2219 тоголок жетим бала бар. Ал эми бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, бул билингени гана, ал эми көрүнгөндүн колунда жашап же селсаяк жолуна түшкөндөрдүн саны тактала элек. Ош шаарындагы балдар үйүнүн деректири Бүкөн Максүтбаеванын пикиринде, наристелердин көз жарганда эле жетим калышына никенин жоктугу себеп болууда:

- Энелүү, аталуу, бардык тууган-уругу бар балдар ташталып жатат. Себеби булардын баары никесиз төрөлгөндөр. Ошон үчүн балдарды төрөт үйүнө, таштандыга, көчөгө, ар кайсы жерге таштап кетишүүдө.



Ошол эле учурда никесиз төрөгөн жаш айымды алдаган эркектерге убал бардыгын эскертип, бу жарыкчылыкта эч нерсе эне мээримине тең келбестигин, андыктан ар кандай кыйынчылыкка карабай ымыркайды таштабай багып алууну ак жоолукчан замандаштарына сунуш этти.

- Кыздарга айтаарым: төрөсө балдарын бул жерге таштабай алып кетсе. Бул жерге таштабай эле койсо, ар бир бала энеси менен бирге болсо. Аталарга айтаарым: кыздарды алдабашса жакшы болот эле. Баланын убалынан коркуш керек.





Турмушу өксүк 5 жашар бөбөк да айрым таш боор ата-энелерге кайрылуусун мындайча жолдоду.

- Эч ким ата-энесиз бөксүп жашабасын.

«Алтын уя» бейөкмөт уюмунун башчысы Тамара Токтомаматова жетим балдарды колдоо боюнча мамлекеттин ырааттуу саясаты жоктугун белгилеп, балдар үйлөрүн, интернаттарды бара-бара жоюп, үйбүлөлүк тарбияны күчөтүү натыйжасын берээрине бөркүндөй ишенет.

- Биздин өкмөт ага аракет кылганы менен жетишерлик эмес. Илгерки интернат, балдар үйү дегенди азайтып, бардык балдары үйбүлөлүк балдар үйүнөн тарбиялаш керек. Анткени ал балдар өзүнүн атасы, апасы, бир туугандарым бар деп өзүмдүн үйүм, өзүмдүн турмушум деген бир сезим болот дагы, 18 жашка чыкканда турмушка даяр болуп чыгышат. Ал эми интернаттын балдары 18 жашка чыккандан кийин каякка бараарын, эмне кылаарын билбей кыйналып калышат.







Ош шаар мэри Жумадыл Исаков өкмөттүн, президенттин балдар үчүн көрүп жаткан камкордугун жетиштүү деп эсептейт. Атүгүл бу багытта программа да бар.

- Өкмөт тарабынан, президент тараптан балдарга камкордук көрүп жатканы жакшы. Мисалы айтып коюш керек. Мамлекеттик деңгээлде балдардын укугу, балдардын саясатка тартылып жаткан боюнча көзөмөлдөө боюнча мэрияда атайын бөлүм ачылган. Мындан ары да башка программаларыбыз бар.







Оштогу «Тамга» коомдук фондунун директору Алмаз Исманов балдарды, айрыкча жетимдерди 1-июнда жана 1-сентябрда гана эстешип, кийин унутуп коюшарын, өкмөттүк атайын программа болгон менен, аны жүзөгө ашыруу механизми жана каражат жоктугун, опурталдуусу: улуттун генефонду да кырдын кырында турарын “Азаттыкка” билдирди:

- Балдарды 1-июнда жана 1-сентябрда гана эстешет. Программалар бар. Бар болгону менен механизми, каражат жок. Генефонд деп кыйкыра беришет. Эгерде биз ушундай темп менен кете берсек, биз генефондубузду да жоготуп алабыз.

XS
SM
MD
LG