- “Белгисиз маршрут” кинотасмасынын бет ачары болду мурда күнү. Ушул тасмаңыз боюнча кененирээк айтып берсеңиз. Бул кино эмне жөнүндө?
- Бул кичинекей окуя бир жарым саат автобустун ичинен өтө турган. Райондун борборунан айылга кетчү маршрут автобустун ичиндеги жүргүнчүлөрдүн мүнөздөрү, ошолордун окуялары.
-Ушул кинотасмаңызды кандайдыр бир саясий өңүттөн караса болобу?
-Мен андай деп айтпайт элем. Себеби ар бир көрүүчү өзүнчө тыянак чыгарып алат го деп ойлойм.
-Мисалы сиздин тасманыз айтып тургандай “Белгисиз маршрут” болгондо жанагы автобустан чыга албай эле эки жакка кыйналган адамдардын тагдыры болуп атат. Бул бүгүнкү биздин коомдун азыркы абалын чагылдырабы?
- Мен жогоруда айтып өтпөдүмбү, мен буга деле басым жасаган жокмун. Бир гана жөнөкөй райондук борбордон айылга кетип аткан чакан автобустун ичинде эле болуп өткөн окуя. Ал эми калганын көрүүчү өзү жыйынтык чыгарып алат го деп ойлойм.
-Коомчулукта ар кандай көз караштар айтылып атат, кинотармагын Маданият министрлигине кошкону. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?
-Жок, мен абдан туура болду деп ойлойм. Анткени жылына болгону бир фильм тартылат. Ошол бир кино үчүн 20-30 чиновникке кеткен акчаны кармап, киного жумшаса деп ойлойм. Бул туптуура чечим болду деп ойлойм.
-Алдыда дагы пландарыңыз барбы кино тартканга?
-Албетте, ар бир чыгармачыл адамдын мындай планы болуш керек. Меники деле ошол сыяктуу.
-Демек даярдыгыңыз жүрүп аткан турбайбы. Маегиңизге ырахмат.