Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

18:10 Жетиөгүздө Жеңиш айылынын тургундары жер маселесинде айыл өкмөтүнө нааразы


Жетиөгүз районунун мурдагы Чычкан, азыркы Жеңиш айылындагылар 800 гектардай жерди айыл өкмөттөгүлөр жаңы бийлик алмашуу шарданы менен чоңдорго бергенин “Азаттыкка” маалымдады. Нургүл Сагынбаева, Жаныш Иманов баштаган демилгелүү топ көл жээктеги үлүшкө жана спорттук аянтчага бөлүнгөн жерлерге тосмо орнотулуп, кимдир бирөөнүн энчисине кеткенинин чын-бышыгын эки айдан бери биле албай жүрөт. Ачууланган эл айыл башчысы болуп 10 жылдан бери иштеп аткан Догдурбай Султаналиевдин үйүнө келип, аялына алып берген көл жээктеги 10 гектар жердин 9 гектарын элге кайтарып берилишин талап кылып, анын орой мамилесин сынга алды. Бул маселе боюнча Жетиөгүз райондук бийликке кайрылсак, акимдин орунбасары Канат Супатаев Тамга айыл өкмөтү бөлгөн жерлердин мыйзамдуулугу териштириле баштаганын билдирди.(RB)

XS
SM
MD
LG