Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Даниянын Пакистандагы элчилиги алдында жарылуу болду


Исламабадда бүгүн Дания элчилигинин жанында автоунаанын жарылуусунан кеминде үч адам каза таап, ондогондору жаракат алды. Алардын баары жергиликтүү тургундар деп эсептелинүүдө. Жардыруудан элчиликтин имараты олуттуу бузулду, айланадагы имараттарга, автоунааларга да зыян тийди. Даниянын тышкы иштер министри Пер Стиг окуяны "кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок жардырууну исламчыл согушкерлер жасаган болушу мүмкүн.

Бүгүнкү жардырууунун даниялык гезиттерде 2005-жылы Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын жарыяланышына тийшеси бар же жок экени азырынча анык белгисиз. Ал карикатуралардын жарыяланышы мусулмандар арасында кордоо катары кабыл алынып, 2006-жылы ири нааразылык акцияларын, анын ичинде Даниянын элчиликтери менен консулдуктарына кол салууларды жараткан эле. Мухаммед пайгамбардын үч жыл мурдагы карикатуралары быйыл февралда айрым даниялык гезиттерде кайра басылган.

XS
SM
MD
LG