Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

БУУнун Коопсуздук кеңеши Пакистандагы чабуулду айыптады


Кечээ Исламабадда Дания элчилигинин жанында автоунаанын жарылуусунан кеминде 6 адам каза таап, ондон ашууну жаракат алды. Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен жардырууну «Данияга каршы жасалган чабуул» деп сыпаттап, бирок Дания террорчулардан корпой тургандыгын белгиледи. Ушул жылдын башында Даниянын чалгындоо борборунун кызматкерлери даниялык гезиттерде 2005-жылы Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын жарыяланышынан улам террорчулар өлкөгө кол салышы мүмкүн деп эскертүү жасашкан. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG