1950-жылдары Чехословакияда 250дөй адам саясый жүйө менен өлүм жазасына тартылган. Алардын бири "Эртең да болот" операсынын баш каарманы Милада Горакова. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттердин концлагеринде отуруп чыккан эр жүрөк аялдын тайманбас мүнөзү 1948-жылы Чехословакиядагы бийликти зөөкүрлүк менен басып алган коммунисттик өкмөткө жакпайт.
1950-жылдын 31-майында чехословак гезиттери жазгандай «республикага жана элге каршы кутумдун башчысынын үстүнөн башталган» сот үч күнгө созулуп, өлкөгө радиодон түз уктурулуп турат. Айыпкер сотто алдында жаткан даяр тексти окуп бериш керек. Бирок Горакова сотко каяша сүйлөп, коммунисттик бийлик жөнүндөгү пикирин ачык айтат:
-Ооба, мен февраль төңкөрүшүн жана анын кандайча ишке ашырылганына каршымын. Биз жаңы режимге каршы турдук жана аны өзгөртүүнү каалаганбыз.
49 жаштагы Гораковага мунапыс берүүнү сурап, Черчиль, Альберт Эйнштейн Чехословакиянын жетекчилигине кайрылышат. Ага болбой, соттун катаал өкүмү аткарылат.
Операда баш каармандын ролун ойногон 84 жаштагы Соня Червена Милада Горакова анын мууну үчүн баатырлыктын үлгүсү болгонун эскерет:
-Биз үчүн XX–кылымдагы улуу аял жана теңдешсиз баатыр Милада Горакова болгонун баарыбыз мойнубузга алабыз. Ошон үчүн, анын тарыхын элге кайра-кайра айтып берүү зарыл эле.
Меццо-сопрано үндүү Соня Червена да өз учурунда коммунисттик бийликтин запкысын көргөн. Баса, операнын режиссеру Иржи Неквасил соттун кандай өткөнүн дал өзүндөй көрсөткөнгө аракеттенген.
"Эртең да болот" операсы көрөрмандарды көңүлкош калтырбаганын композитор Брезина да белгилейт:
-Мени операны адамдардын өтө жакын кабыл алганы таң калтырды. Операнын башында адамдар Горакова жөнүндөгү маалыматтарды угуп, анын кандайча камалганын көрүштү. Ал эми операнын ортосунан адамдар эмоцияга батып, окуяга баш оту менен берилгенин көрдүм. Оюндун финалдык бөлүгүндө айрым адамдардын көздөрүнө жаш алганы мен үчүн күтүүсүз болду.
Соня Червена болсо Милада Горакованын кызынын сөзү актриса баш каармандын образын туура чагылдыра алганын билдирет деп ишенет.
- Милада Горакова өлүм жазасына өкүм болгондон кийин, анын кызы атасы менен чогуу апасын кечирип койууну сурап жазган каттан үзүндү окуп жатканымда, Горакованын Вашингтондон келген кызы залда биринчи катарда отурду. Беш мүнөткө жакын созулган бул сценада ар бир сөздү эстеп окуп жаттым. Бул тушта маңдайымдагы катты жазган аял эмнени сезүүдө, эмнени ойлоодо деп өзүмдөн сурап жаттым. Бул өтө кызык. Оюн бүткөн соң ал менин колумду кармап: "Сиз менин апама өтө мээримдүү болдуңуз" деди.
Милада Горакова соңку каттарынын биринде "Жазага кың дебей моюн сунам: абийирим таза жана Акырет соту алдында, Кудай алдында абийрим таза болот деп үмүт кылам, ишенем, дуба кылам. Жарык кирип, чымчыктар сайрай баштады. Башымды бийик көтөрүп баратам…" деп жазып калтырган.