Бүгүн башталган саммитте азык–түлүктүн кымбатташына байланышкан маселелер талкууланууда. Жыйын Улуттар уюму тарабынан өткөрүлүп жатат. БУУнун баш катчысы Пан Гин Мун өз сөзүндө 2030-жылга карата дүйнөлүк азык-түлүк өндүрүшү суроо–талапты канаатандырыш үчүн 50%га жогорулашы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле дүйнө өкмөттөрүн азык–түлүк баасына байланышкан кризисти жеңилдетүү үчүн экспорттук чектөөлөрдү жана импорттук тарифтерди азайтууга чакырды.