Мындай билдирүүнү НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер жасады. Мындан бир нече күн мурун Москва төрт жүздөй темир жолчу аскерлерди Абхазияга киргизген эле. Тбилиси муну кайрадан орустардын агрессиясы катары кабыл алган. Ал эми Орусия «бул - гуманитардык жардам» деп жооп кайтарган. Яаап де Хооп Схеффер Орусиянын бул кадамы «Грузиянын суверинитетине жана аймактык биримдигине шек келтирет» деп, эки тарапты диалогго чакырды.