Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

9:50 Өкмөт башчы селден каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам берди


Премьер-министр Игорь Чудинов кечээ мамлекет башчынын көрсөтмөсү менен Кадамжай районунун Орозбеков айлына барып, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар менен жолугушту. Селден каза тапкан Үрниса Алматова менен Гапар Ысмановдун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен 25 миң сомдон акчалай жардам тапшырды. Ошондой эле каргаша болгон күнү бир нече адамдын өмүрүн сактап калган Дамир Усупбековго атайын сыйлык ыйгарды. Өкмөт башчынын айтуусунда Орозбеков айлынын селден жабыркаган турак-жайлары чукул кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан иликтөөдөн өткөн соң, мамлекет кайрадан тургузулуп берет же курулуш үчүн насыя акча берилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG