Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

КЫРГЫЗСТАН КАЙРАДАН ТОТАЛИТАРДЫК ТОРДОБУ?


Жаныш Бакиевдин уулу Салиев Асылбек Жаныбековичтин пайдасына 1 миллион сом өндүрүп берүү жана андан кечирим суроо айыбы тагылган дагы бир гезит “Алиби” негизги маалыматын мына ушул окуяга арнап чыгуу менен “Ата Мекен “ социалисттик партиясынын билдирүүсүн басты. Ушул эле гезит аркылуу аталган партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Кыргызстанды тоталитардык система чырмап алды” десе, “Эркин Кыргызстан” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу “Марина Давлетбаева Акүйдөн келген заказдарды аткарган дежурный судья экендигин жакшы билем” деп айтты.

х х х

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев “Соттун чечиминде айтылыптыр “жабыр тарткан Асылбек Салиевге моралдык, материалдык чыгымын төлөп берсин “ деп, Асылбек Салиев эмне жабыр тартыптыр? Анын атына жазылган квитанция адам тебелетип өлтүргөн машинадан табылып олтурса, ал шектүү болбогондо ким болот? Эмне үчүн 8 ай бою суракка алынбай, гезитке материал чыккандан кийин суралган?” деп суроо койду.

х х х

“Кыргызстандын патриоттору” саясый партиясынын өкүлү Алмаз Орозбаков “Сотторго такыр ишенбей тургандыгын”, “Ак шумкар” партиясынын башчысы Темир Сариев, мындай карөзгөй саясат баары бир ишке ашпастыгын, коомчулук, саясаттагы активдүү адамдар “Алиби” гезитин коргоп аларын айтты.

х х х

“Кыргызстандын патриоттук” партиясынын жетекчиси Назарбек Нышанов макаласын “Бакиевдин үйбүлөсүнө кыжырлары келишүүдө” деп атап президентке кайрылды: “Урматтуу Курманбек Салиевич, сиздин атыңызды эл качып, сатып, атып кеткен Аскар Акаевден бешбетер жийиркенүү менен атап калышты. Анткени сиз өзүңүз айткан сөздөрүңүздүн бирөөнө да төп келбедиңиз. Элдин турмушун Акаев 15 жыл тоноп начарлатса, сиз өзүңүздүн кошоматчыларыңыз менен 3 жылда мөгдүрөтүп салдыңыз. Элди кымбатчылыкка, азык-түлүк, энергетикалык жана ыймандык кризиске туш келтирип, анын шылтоосу менен элдин байлыгын-жерлерди, ГЭСтерди менчикке ээлеп алдыңыз. Ушундан кийин президент катары сизге эл ишене алабы? Ошондуктан, урматтуу Курманбек Салиевич, тарыхтын жаман жактары кайталанбасын десеңиз, өз ыктыярыңыз менен отставкага кетсеңиз, сизге эл көп деле кыжырланбай экс-президенттикти ыйгарып коймок. Элди эч качан, эч ким жеңе да, коркута да алган эмес. Н. Чаушески, А. Акаев, Кудаярхан өңдүүлөр тарыхта аттары жаман жагынан калган” деп айтты “Президент Бакиевге, коррупциялык системага жана саясый куугунтукту уюштуруучуларга эң акыркы эскертүү” деген катында .

х х х

Ушул эле “Алиби” гезити революциядан кийин аянттагы элге чыгып, эч ким сурабаса деле “Мен деген Акаевдай болуп өзүмдүн туугандарымды мамлекеттик кызматка алып келбейм” деген адам бир тууган иниси Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын ачендигине дайындаганын... Мадумаров парламенттин жаңгак менен жасалгалайм дегендин ордуна, Каркыра менен 4 пансионаттын казактарга өтүшүнө каршымын деп кеткенде калк ичинде кадыры менен калмагын... кечээ эле дүйнө салган маркум Дооронбек Садырбаевдин аза зыйнатына келгендердин арасында Кыргызстандын №1 чиновниги Курманбек Бакиев менен экс-төрага Адахан Мадумаровдун караандары такыр көрүнбөгөнүн, аларга караганда баары сындап жүргөн президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов Докеге топурак салып кеткенин куш тилиндей кабарында маалымдады.

х х х

Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “мыйзамдагы ууру “ таажысына ээ болду деп буга чейин ММКлардын баарында кабарланган Камчы Көлбаевдин Орусиядан келген коноктору өз Мекени болгон Маскөөгө кайтып кетишкенин, аларга күнөө койгонго Кыргызстандын күч органдарында негиз болбогонун, сырттан келгендердин баары ишкер экендиктерин, алар бул жакка достору менен баарлашып, бээнин сүтүн ичкени келгенин билдирди деп маалымдаган “Дело №... “ гезити президенттин жаңы дайындалган жансакчысы Жаныш Бакиев тууралуу ар кандай баа берүүгө болорун... же президент өз жанын өз бир туугандарынан башкалар сактарына ишенбей калган, же бир туугандарынын бийликке кайрылып келишинин биринчи баскычынын башталышы деп мүнөздөдү.

Аталган гезиттин өзөктүү темасы “Электр-элдин азабы же Кыргыз энергетикасы жөнүндө беш жомок” деген аталыштагы макала болгондугун да айта кетүү керек. Энергетика тармагындагы элдин башы жете бербеген башаламандыктар тууралуу кардарлардын укугун коргоочу эксперт, энерготармак боюнча эски адистердин бири Николай Кравцов баяндап берген. Анын айтымында светке киргизилген ар кандай чектөөлөр, электр энергиясынын өзүн өзү актай албай калды шылтоолору, уурдап-жоготуу көп чыгымга учуратып жатат деген ынандыруулар, суунун аздыгынан Токтогул ГЭСиндеги энерготурбалар айланбай калуу коркунчуна кептелди деген “уламыштар”, тарифтерди айласыздан кымбаттатуудабыз дагы кымбаттайт деген сансыз билдирүүлөрдүн баары жөн эле жомоктор. Кравцовдун жеке эсеби боюнча электр энергиясынан эле 100 миллион доллар дайынсыз жоголсо, Армениянын энерготармагын приватташтырууга даярдаган Эларалык компаниялардын жетекчилеринин бири Армен Арзумяндын Кыргызстандын энерготармагын изилдеп чыккандан кийинки айтканы боюнча өлкөдө электр энергиясынан 50 миллион доллар жиги билинбей жок болуп турат.

х х х

Гезит эми 1-июлдан тартып, свет, ысык суу кымбаттарын, пенсионерлердин 64 пайызынын пенсиясы-1200 сом болсо, орточо керектөө корзинасы улуттук статкомдун эсеби менен алганда эле 3700 сомду түзүп калганын, ал эми тамак-аштан тышкары дагы светке, газга, сууга, квартира акысына ж.б. төлөмдөр толтура экендигин, ошентип жакырчылыктын жаңы толкуну каптап келатканын... Кыргызстандын жаш үйбүлөлөрүнө Орусиядагыдай айына 4 миң сомдон эки жылга стипендия берилиши керектигин, эгер бул проблемалар чечилбесе, эл жакырчылыкты көтөралбай социалдык жарылуу болорун, өлкө “конца света” же кыргызча маанисинде “кыямат кайымдын” алдында турганын белгилеп, ансыз да жакында интернет-форумдагы жолугушууларынын биринде Кыргызстандын акырындап караңгы туңгуюкка чөгүп баратканы, өлкөнү мыйзамсыздык басып алганы, депутаттардын өз жеке кызыкчылыктарынан башка иш кылып жыргатпагандыктары, ал эми бийлик болсо ач-жылаңач элди Акүйдүн терезесинен карап коюп, курду дагы бекем курчангыла, чыдагыла деп турганын жаштар жаныбызга батып бүттү деп айтканын мисалга келтирген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG