Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:07

13:54 Жалалабат жолдо жүргөн "Дэу-Матиз" үлгүсүндөгү отуздай автоунаа текшерилди


Бирок алар 3-июнда Көкарт дарыясынын жээгинде болгон эки жолку жардырууга тиешелери жок болуп чыкты.Мындай маалымат 4-июнда обулустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиевден алынды. Кечээ аталган үлгүдөгү автоунаада жургон бейтааныш төрт адам дарыя жээгине белгисиз жардыргыч заттарды ыргыткандан кийин качып кетишкен. Бактыга жараша адам жана
мал-жандыктар, унаа, имараттар жабыр тарткан жок. Жардыруу маалында ал жерде эч ким болгон эмес. Окуя болгон жерден "УЗРГМ-2" тибиндеги эки кол гранаттын калдыктары табылган. Иликтөө-тергөө иштерин Сузак райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө.(YA)

XS
SM
MD
LG