Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:44

ГЕРМАНИЯДА СОВЕТТИК АСКЕР ФОТОСҮРӨТЧҮНҮН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮҮДӨ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Советтик фотосүрөтчү Евгений Халдейдин чыгармалары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый маанилүү учурларын тартып калтырышы менен баалуу. Ушул тапта Германиянын борбору Берлинде анын көргөзмөсүн немис сүрөтчүсү Эрнст Волланд (Ernst Volland) уюштуруп өткөрүүдө.

1945-жылдын 2-май айында Берлин үчүн болгон салгылаш менен байланышкан окуяны украиналык фотосүрөтчү Евгений Халдей тарыхта калтырган. Орок-балканын сүрөтү бар тууну советтик жоокер Рейхстагдан жогору көтөрүп турганы Экинчи дүйнөлүк согуштан калган таасирдүү сүрөттөрдөн.

Евгений Халдей 1917-жылы туулган. Бала кезиндеги сүрөт тартууга болгон ышкысы кийин анын сүйүктүү кесибине айланып, атагын чыгарган.

Халдейдин Улуу Ата Мекендик согуш маалында Белград, Будапешт, Вена жана Берлиндеги Советтер Союзунун жеңиши маалында тарткан сүрөттөрүнө чейрек кылым убакыт болсо да, азыр суктанууну жаратат, адамды ичиркенткендери да бар.

Эрнст Волландын айтымында, “Чечүүчү учур” деген ат менен өтүп жаткан Берлиндеги көргөзмөгө эки жүз сүрөт коюлган. Анын ичинде “Рейхстагдын үстүнө коюлган туу” деген сүрөтү эң таанымал саналат:

- Абдан көп кишилер ал тарткан Рейхстагдагы туунун сүрөтүн билишет. Бул сүрөт ХХ кылымдагы дүйнөдөгү өтө көп ирээт кайра басылган чыгарма. Аны ар бир окуу китебинен учуратасыз. Потстам конференциясынын жана Нюрнберг сотунун сүрөттөрү да буга чендебейт. Бирок эч ким сүрөттүн авторунун ысымы – Евгений Халдей экенини билбейт.

Эрнст Воллан Халдейдин сүрөт көргөзмөлөрүн мурда да өткөрүп, анын көзү тирүүсүндө чогуу иштешип калган. Советтик сүрөтчүнүн ошол эле эң таанымал сүрөтү дээрлик табыгый шартта эмес, аздыр көптүр жасалмаланганы анык болгон. Кийинчирээк Халдей мисалы туу көтөргөн жоокердин колунда эки саат болгонун, анан аны талап-тоноого барган деп айыптабасын деп ийненин учу менен өчүргөнүн айткан. Желекти да колго тигип илишкен. Халдейден бул сүрөттүн аки-чүкүсүнө чейин асылып сурашканда “Ооба, бул жакшы сүрөт” деп гана жооп берип кутулган.

- Менимче, ал туура айткан. Анын сүрөттөрү турмушту эч кандай жасалма ыкма менен жымсалдачу эмес. Маселен, 2-майда ал өзү да Рейхстагга туусу менен барган. Бул сүрөт студияда даярдалган эмес, солдат болумуш болгондорду тарткан эмес. Ал өзү да окуя чордонунда Рейхстагда болгон, - дейт Воллан.

Германиядагы көргөзмөдө Халдей орусиялык фотосүрөтчү катары кабылданып жаткан менен, аны советтик сүрөтчү деп атаса таасын болоор. Ал Украинада ортодоксал жөөттөрдүн үйүндө туулган. Өмүр бою советтик маалымат каражаттарында иштеген.

Халдей СССР тарыхындагы айрым чуулгандуу окуялардын күбөсү эле эмес, курмандыгы да болгон. Орус революциясынын маалында туулган Халдей бир жашка чыкканда энеси Украинаны каптаган тополоңдон өлгөн. Анын атасы жана биртуугандары 1941-жылы нацисттердин колунда курман болушкан. Халдейдин өзү болсо ТАСС маалымат агенттигинен жана “Правда” гезитинен жөөт болгондугу үчүн эки жолу жумуштан чыгарылган.

Советтик атактуу сүрөтчү Халдей өтө жупуну турмушта 1997-жылы каза болгон.

Негизинен Германиянын Советтер Союзунан жеңилгенин даңазалаган сүрөттөр коюлган Берлиндеги Халдейдин көргөзмөсү июль айынын этегине чейин уланат. Украиналыктар болсо өз жеринен чыккан атактуу сүрөтчүнүн чыгармаларын күзүндө көрүшмөкчү.
XS
SM
MD
LG