Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

АКШда сенатор Барак Обама Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болушу ыктымал


Партиянын атынан АКШ президенттигине талапкерлик үчүн беш айга созулган сынамык шайлоодогу таймаш кара түстүү сенатор Барак Обаманын пайдасына чечилчүдөй болуп турат. АКШдагы маалымат каражаттары Обаманы партиянын атынан талапкер болуу үчүн зарыл болгон 2118 делегаттын колдоосун тастыктай алды деп жазып чыгышты. Эгер Обама Хиллари Клинтонду жеңсе, анда ал кара түстүү америкалыктардан чыккан туңгуч президенттикке талапкер болуп калмакчы. Анын атаандашы сенатор Хиллари Клинтон Нью-Йоркто Обаманы праймериздеги соңку жеңиши менен куттуктады, бирок азырынча өзүнүн жеңилгенин моюндаган жок. Акыркы эки штаттагы жыйынтыктоочу сынамык шайлоодо Клинтон - Түштүк Дакотада, ал эми Барак Обама - Монтанада жеңди.

XS
SM
MD
LG